KELECHEK

Душанбеде доллар тартыштыгы жаралды

Душанбеде доллар тартыштыгы жаралды

Тажикстанда доллар алууну каалагандар жергиликтүү жана чет өлкөлүк банктардын акча алмаштыруу борборлорунда кезекке турушууда.

28-май күнү эртең менен доллар алуу үчүн Душанбедеги «Казкоммерцбанкка» 40тай киши чогулду. «Кишилер түнкү саат үч-төрттө банкка келип, кезекке турушууда. Мен эртең мененки намаздан кийин келгем, бирок колум бош кетип баратам – доллар жок», – деди кардарлардын бири.

Кишилер көбүнчө Казакстандын ири коммерциялык банкынын акча алмаштыруу борборлоруна чогулушууда. Себеби башка насыя мекемелерине караганда доллар көбүрөөк сатылууда.

Тажикстанда акыркы эки жумадан бери америкалык доллар тартыш болууда. Акча алмаштыруу жайларында бир кишиге 200 доллардан ашык берилген жок.

​Доллар тартыштыгына байланыштуу «көмүскө базарда» анын наркы өстү, бир АКШ валютасы 10 сомониден сатылууда, банктарда баа – 9,45.

Бир жума мурун Тажикстан Улуттук банкы долларга болгон суроо-талаптын көбөйүшү өлкөдө терс соода балансынын өсүшү жана жаз маалындагы коммерциялык ишмердүүлүктүн жогорулашы менен түшүндүргөн. Стратегиялык объектилерди куруу жана мамлекеттик карызды төлөө дагы чет өлкөлүк валютанын тартыш болушуна себеп болууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жай тармагындагы азыркы...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жай тармагындагы азыркы...

«Биз өнөр жай тармагындагы азыркы потенциалды максималдуу түрдө колдонуубуз зарыл», — деп...

ЭКОНОМИКА 2019-06-24  18:40

ЖМК: Мурдагы британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду

ЖМК: Мурдагы британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп мурдагы британ элчиси Робин Орд Смит шайланды. Бул тууралуу...

ЭКОНОМИКА 2019-06-20  14:16

Ашхабад дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп табылды

Ашхабад дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп табылды

Ашхабад

ECA International уюмунун изилдөөсүнө...

ЭКОНОМИКА 2019-06-17  13:30

Президент Сооронбай Жээнбеков жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар...

Президент Сооронбай Жээнбеков жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си...

ЭКОНОМИКА 2019-06-13  18:21

Тажикстан «ТажикАзот» ишканасы үчүн жаңы инвестор издеп жатат

Тажикстан «ТажикАзот» ишканасы үчүн жаңы инвестор издеп жатат

Тажикстан кезинде Борбор Азиядагы минералдык жер семирткичтерди...

ЭКОНОМИКА 2019-06-13  19:01

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгарат

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгарат

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгара баштайт. 28-майда Германия президенти...

ЭКОНОМИКА 2019-05-29  17:14

Лукашенко Казакстандан Беларуска мунай жеткирүүнү сунуштады

Лукашенко Казакстандан Беларуска мунай жеткирүүнү сунуштады

Беларус президенти Александр Лукашенко өлкөгө...

ЭКОНОМИКА 2019-05-24  17:06