KELECHEK
rek

Орусиядан Тажикстанга 830 тонна бажы төлөмү жок мунай продукциясы келет

Орусиядан Тажикстанга 830 тонна бажы төлөмү жок мунай продукциясы келет

Орусия Тажикстан менен мунай продукцияларын жеткирүү боюнча келишимге 2013-жылы февралда эле кол койгон. Бирок документти ратификациялоо боюнча федералдык мыйзамга президент Владимир Путин өткөн жумада гана кол койду. Буга чейин келишим убактылуу мүнөзгө ээ болчу.

Келишим боюнча Орусиядан Тажикстанга ташылып келген мунай продукциялары бажы төлөмдөрүнө бошотулат. Кеп 1 миллиард тоннага жакын товар жөнүндө болуп жатат. Буга автоунаа бензини, дизелдик май, реактивдүү кыймылдаткычтардын майы, мазут, битум, кокс кирет.

Документте белгиленгендей, Орусиядан бажы төлөмү жок келген мунай продукцияларын реэкспорт кылууга тыюу салынат. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө башка өлкөлөрдөн келген күйүүчү майларды тышка кайра сатууга дагы бөгөт коюлган. Эгер мыйзам бузулса, орус тарап жеңилдиктерди алып таштоого укуктуу.

Орусия ИИМинин маалыматына караганда, келишим убактылуу түрдө 2013-жылдын 12-ноябрынан тарта иштеп жаткан. Бул аралыкта Тажикстанга 200дөн 600 тоннага чейин мунай продукциялары ташылып келген.

Айрым эксперттердин божомолунда, бул келишим менен Орусия аскердик базасын Тажикстанга 2042-жылга чейин бекер жайгаштырууга макулдук алган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38