KELECHEK
rek

АКШ Жулиан Ассанжга кошумча айып такты

АКШ Жулиан Ассанжга кошумча айып такты

Жулиан Ассанж

АКШ WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга 17 пункт боюнча кошумча айып такты. Ал жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жарыялаган жана компьютердик түйүндү бузуп кирүү үчүн кутумга барган деп айыпталууда.

Буга чейин Вашингтон Ассанжды Пентагондун компьютердик түйүнүн бузуп кирүү аракети үчүн гана соттогону жаткан. Бул кылмыш үчүн ал эң көп дегенде беш жылдык мөөнөткө соттолмок.

Ассанж 2012-жылы Стокгольмго экстрадициялануудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Швецияда ал зордуктоо беренеси менен айыпталууда. Быйыл апрелде эквадор бийлиги ага баш калка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы тарабынан камакка алынган. Учурда Ассанж күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Улуу Британия түрмөсүндө 50 жумалык камакта жатат. Мындан тышкары сот аны АКШга өткөрүп берүү жолдорун карап жатат. Ал ортодо Швеция дагы Ассанжды экстрадициялоону талап кылуу ниети бар экенин билдирди.

Ассанж дайыма Кошмо Штаттарга экстрадициялануудан кооптонуп жатканын айтып, ал жакта ага карата олуттуу айыптар тагылышы мүмкүндүгүн билдирип келген.

WikiLeaks сайты Швециядагы кылмыш ишинин калыбына келтирилишин «саясий басымдын» жыйынтыгы деп эсептөөдө.

збек чек арасына туура келгенин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52