KELECHEK

Баткендин Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Баткендин Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок атканын жергиликтүү тургундар «Азаттыкка» билдиришти. Ушул тапта чек арада 100дөй адам чогулуп турат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. Анын айтымында, бүгүн, 22-май күнү Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагында тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

- Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип, куран окуп жаткан учурда Тажикстандын чек ара кызматкерлери келишкен, - деди мекеме өкүлү. - Алар менен жергиликтүү тургундар кайым айытышып, тажик чек арачыларын көрүстөндүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кезде, кыргызстандыктар тажик чек арачыларынын жолуна аң каза башташкан. Ошол мезгилде тажик чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан.

Гүлмира Бөрүбаеванын маалымдаганына караганда, ушул тапта эки тараптын сүйлөшүүлөрү уланууда. Мындан тышкары жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эл аймакка бийлик башчылары келүүсүн талап кылып турушат.

Исфара шаар башчылыгынын маалымат катчысы Икбол Илёсзода "Фейсбуктагы" баракчасына бул окуя боюнча минтип жазды:

“22-майда эртең менен Кыргызстандын Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Раут-Кавит айылынын 200дөй тургуну кыргызстандык куралдуу чек арачылардын коштоосунда Тажикстандын аймагына кирип келишти. Эскертүү иретинде ок атылган соң, көпчүлүгү чыгып кетишти".

Учурда чек арада кырдаал тынч, чек арачылардын толук көзөмөлүндө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Эски-Мазар аймагы кыргыз-тажик шарттуу чек арасынан Тажикстан тарапка 150 метр ичкериде турат. Көрүстөндү кыргызстандык тургундар пайдаланып келишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара...

Аймак 2020-01-16  21:04

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын...

Аймак 2020-01-15  23:31

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. Бул тууралуу...

Аймак 2020-01-10  15:09

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек...

Аймак 2020-01-10  15:26

Өзбек чек арачылары кыргызстандыктардын мал-жандыктарын кайтарып...

Өзбек чек арачылары кыргызстандыктардын мал-жандыктарын кайтарып...

Өзбекстандык чек арачылар кыргыз жарандарынын 520 баш майда жандыгын кайтарып берди. Кыргызстандын...

Аймак 2020-01-06  15:06

Милиция тарабынан окуучуларга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге...

Милиция тарабынан окуучуларга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге...

Ала-Бука РИИБнин демилгеси менен район аймагында жайгашкан 39 мектепте, лицей-колледждерде жаштар...

Аймак 2019-12-17  04:21

Ала-Букада «Санариптештирүү - өнүгүүнүн өзөгү» аттуу регионалдык...

Ала-Букада «Санариптештирүү - өнүгүүнүн өзөгү» аттуу регионалдык...

Жакында Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясында “Санарип Кыргызстан 2019-2023”...

Аймак 2019-12-17  04:34