KELECHEK
rek

«Аймактар үчүн Таза суу» Форуму өттү

«Аймактар үчүн Таза суу» Форуму өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумунда таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу үчүн өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүнкү күндө «Таза суу» долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен республикадагы жыйырма шаарыбызда 11,2 млрд сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Мындан тышкары, ЕБРР, ЕС жана Швейцария Өкмөтү тарабынан 2019 - жылдан баштап шаарлардан тышкары, айыл жерине да инвестиция тартуу жаӊыдан башталганы турат.

Президент ошондой эле айыл жерин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесинде жардамы үчүн Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар кайрымдуулук фонду, Ас-Сафа жана Ас-Салам фонддоруна ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо - приоритеттүү багыт катары аныкталды. Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

Иш-чарада Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Азия боюнча вице-президенти Алан Пиллу, Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульманн, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар чыгып сүйлөштү.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЕРӨБ ортосунда суу тармактарын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга: Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу өткөрүү тутумдарын реабилитациялоо боюнча макулдашууга жана Жалал-Абад шаарынын суу өткөрүү тутумун жакшыртуу боюнча макулдашууларга кол коюлду.

Инвестициялык эки долбоордун жалпы суммасы 15млн еврону түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12