KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков: Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реаблитиациядан өткөрүлөт

Президент Жээнбеков: Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реаблитиациядан өткөрүлөт

« Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда.

Президент белгилегендей, таза суу - элдин ден соолугунун кепили. Жыл сайын ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8млрд сомдон ашык чыгымга алып келет.

«Аймактарда таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, 2018-жылы 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, эгерде 2014 - жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн сом акча каражаты ажыратылган болсо, 2018 - жылы таза суу секторуна 250 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Эми бул сумманы дагы көбөйтүп, 500 млн. сомго жеткирүү каралып жатат.

Таза суу долбоорунун биринчи этабынын алкагында 47 кичи долбоор текшерилип, анын  18и боюнча Башкы прокуратурага материалдар өткөрүлгөн.

Мамлекет башчысы белгилегендей, азыркы учурда курулушу бүтүп, эксплуатацияга берилген ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын сактап калуу — эң курч проблемалардын бири болуп калды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38