KELECHEK
rek

Инстаграмдын 49 миллион колдонуучусунун маалыматтары интернеттеги ачык базада сакталып келген

Инстаграмдын 49 миллион колдонуучусунун маалыматтары интернеттеги ачык базада сакталып келген

Инстаграм социалдык түйүнүнүн 49 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары интернеттеги ачык базада сакталып келген. Бул тууралуу TechCrunch басылмасы кабарлады.

Басылманын макаласында белгиленгендей, аталган маалыматтык базада катталуучуларынын саны көп, туруктуу негизде жарнамалар жарыяланып турган аккаунттар болгон. Алардын арасында белгилүү адамдардын, популярдуу блогерлердин жана бренддердин баракчалары бар экени кабарланууда.

Маалыматка караганда, Инстаграмда жарнама сатуу менен алектенген индиялык компаниянын кызматкерлери социалдык түйүндүн колдонуучулары тууралуу маалыматтарды Амазон Веб Сервисте сыр сөзсүз сактап келишкен. Андагы ар бир аккаунт аларга жайгаштырылган жарнамалардын баалары менен коштолгон.

Ачык базадагы маалыматтардын арасында катталуучуларынын саны, аккаунттун ээси жашаган өлкө сыяктуу жалпы маалыматтардан тышкары анын электрондук почтасынын дареги жана телефон номуру өңдүү жеке маалыматтары дагы болгон.

TechCruch маалыматтарды сыр сөзсүз жайгаштырган индиялык компанияга кайрылгандан кийин алар маалыматтык базага кирүү мүмкүндүгүн жабышканын билдирүүдө.

Апрелде Инстаграмга ээлик кылган «Фейсбук» компаниясынын акционерлери Марк Цукербергди кызматтан кетүүгө чакырышкан. Алар социалдык түйүн колдонуучуларынын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткендигине байланыштуу биржада компаниянын акцияларынын баасы төмөндөп кеткенин билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...