KELECHEK
rek

Тажикстанда мыйзамсыз курулган күмбөздөр бузулат

Тажикстанда мыйзамсыз курулган күмбөздөр бузулат

Тажикстандын өкмөтү көрүстөндөрдөгү уруксатсыз курулган чоң күмбөздөрдү бузуу чечимин кабыл алды.

Учурда өлкө аймагындагы күмбөздөрдү Башкы прокуратуранын алдындагы Жер тилкелерин көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте текшерип жатышат.

Хатлон облусундагы текшерүү тобунун мүчөсү аймактагы күмбөздөрдүн көбү мыйзамсыз курулганын жана айрым айдоо жерлери көрүстөн катары пайдаланылып жатса, кээ бир жерлерде тургундар мүрзө аянтын ээлеп, турак-жай куруп алышканын билдирди.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө Хатлондогу бир дагы мавзолейдин расмий документтери жок экени аныкталды. «Көрүстөндөрдү колдонуу тартиптери тууралуу» өкмөттүн токтомуна ылайык, тарыхый баалуулуктарга ээ мавзолейлер коргоодо болот. Ал эми мыйзамсыз курулган жана ээлери тарыхый баалуулугун далилдей албаган калган чоң күмбөздөр бузулат. Аз аянтты ээлеген кичинекей күмбөздөр дагы сакталып калышы мүмкүн», — деди ал.

Тажикстанда жарандык согуштан кийин колунда бар жарандар ата-бабаларынын мүрзөлөрүнө чоң-чоң күмбөздөрдү тургуза башташкан. Алардын көбүнүн расмий документтери жок жана курууда архитектура нормалары сакталган эмес. Учурда өлкөдө күмбөздөрдү тургузууга тыюу салынган.

Акыркы кылымдарда Тажикстандын аймагында жерге берилген белгилүү дин адамдарынын мүрзөлөрүнө көптөгөн күмбөздөр тургузулган. Алар расмий түрдө маданий-тарыхый мурас объектилери деп табылган. Мындай күмбөздөрдү өлкөнүн көптөгөн шаар жана район аймактарынан көрүүгө болот.

2017-жылы тажик өкмөтү «Көрүстөндөрдү колдонуу тууралуу» токтом кабыл алган. Анда көрдүн узундугу эки метрден, туурасы менен бийиктиги бир жарым метрден ашпашы керектиги белгиленген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13