KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Айыл чарба, транспорт, коммуникация тармактарында, кичи жана орто ишкерликти колдоо жана ошондой эле Кытайдын тажрыйбасын эске алуу менен санариптештирүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Муну менен бирге эл аралык уюмдардын жана «Бир алкак — бир жол» платформасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин 2019-жылдын июнунда Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берип, кыргыз-кытай достугун бекемдей турганына ишенимин билдирди.

«Бул визит ийгиликтүү, жемиштүү өтүп, биздин эки тараптуу мамилелерибизге жаңы түрткү берет деп ишенем. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда толук түшүнүшүү, ишеним жана дос мамилелерибизди бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк бар. Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда ири экономикалык долбоорлор жүрүп жатат. Биз кызматташтык жылдарындагы Кытайдын жардамын жогору баалайбыз», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыгууну баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жолдор тармактарындагы артыкчылыктуу багыттарга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Кытай менен үч коркунуч — терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү маселелери боюнча бир позицияда экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал ШКУнун алкагында өнүгүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз тарап «Бир алкак — бир жол» платформасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

КЭР тышкы иштер министри Ван И өлкөлөр ортосунда стратегиялык өнөктөштүк орногонун белгилеп, Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана жакшы коңшусу экенин кошумчалады.

«Биз Сиздин жетекчилик астындагы Кыргызстандын өнүгүү курсун колдойбуз. Менин визитим Кытай Төрагасы Си Цзиньпиндин Сиздин өлкөгө боло турчу мамлекеттик сапарына жана алдыдагы ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине даярдык болуп саналат. Учурда  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте бардык багыттар боюнча даярдык иш-чаралары өтүп жатат. Биз КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин тарыхый визити ийгиликтүү өтүп, биздин элдердин ортосундагы дос мамилелерине жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө түрткү берет деп ишенебиз», — деп белгиледи КЭР тышкы иштер министри Ван И.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12