KELECHEK
rek

Орусияда Улуттук гвардия түзүлдү

Орусияда Улуттук гвардия түзүлдү

Орусия президенти Владимир Путин Улуттук гвардияны түзүү боюнча мыйзамга кол койду.

Ал Орусия ИИМинин мурагы ички аскерлеринин ордун басат. Жаңы түзүмдүн максаты өзгөчө кырдаалдар учурунда коопсуздукту камсыздоо, террорчулук менен күрөшүү, мамлекеттик объектилерди жана чек араны коргоо болуп саналат.

Сынчылар жаңы түзүм президенттик жана парламенттик шайлоо алдында бөтөнчө ой жүгүрткөндөрдү басымга алуу максатында түзүлгөнүн белгилешүүдө. Себеби Улуттук гвардия куралдуу кол салуу жана террордук коркунуч жаралган учурда козголоңду басуу укугуна ээ.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Улуттук гвардия массалык демонстрацияларда кылмышка жол бербөө максатында күч колдоно алат. Күч органы тинтүүлөрдү жүргүзүп, шектүүлөрдү кармоого дагы укугу бар. Бул арада Улуттук гвардия жайгашкан жер тууралуу маалымат жарыялоого жол берилбейт.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53