KELECHEK
rek

Тажикстанда түрмөдөгү тополоңдон 30дан ашуун киши мерт болду

Тажикстанда түрмөдөгү тополоңдон 30дан ашуун киши мерт болду

Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда 19-май күнү кечинде тополоң чыгып, үч түрмө кызматкери, 29 соттолуучу өлдү.

Тажикстан Юстиция министрлиги кабарлагандай, “Ислам мамлекети” террордук тобуна катышы бар соттолуучулар түрмөдөн качып кетүүгө аракет жасашкан. Өткүр темир, бычак менен куралданган тополоңчулар алгач түрмө кызматкерлерин барымтага алып, андан кийин колониянын үч кызматкерин өлтүрүшкөн. Андан соң өтө кооптуу делген 8 кылмышкерди изолятордон бошотушуп, абактагыларды коркутуу максатында беш кишини өлтүрүп, дагы ондогон адамды жаракат кылышкан.

Андан соң тополоңчулар колониянын медициналык бөлүгүн өрттөшүп, бир нече соттолуучуну барымтага алып, өздөрүн бошотууну талап кылышкан. Тополоңду басуу учурунда 24 соттолуучу өлтүрүлдү, 35 киши кармалды. Өлкөнүн башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Тополоңду милициянын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири, кийинчерээк Сирияга чыгып кетип, "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз, Фахриддин Гулов жетектегени айтылууда.

2018-жылы ноябрда Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги түрмөдөн чыккан козголоңдон 23 киши өлгөн, алардын ичинде экөө күзөтчү болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...