KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 18-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынын келген көп балалуу энелер менен жолугушту. Ошондой эле жолугушууга Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткан кыргызстандык жаштардын апалары дагы катышты.

Мамлекет башчысы көп балалуу энелерди «Баатыр Эне» ордени менен сыйлап, ийгиликтүү жаш кыргызстандыктардын энелерине ыраазычылык каттарды тапшырды.

Мамлекет башчысы жолугушуунун бардык катышуучуларын куттуктап,  Энелер күнү — ар бир адам үчүн эң кымбат жана ыйык майрам экенин белгиледи.

Ал байыртадан ата-бабаларыбыз энелерди терең урматтап-сыйлаганын, аларды жаңы жашоонун башаты, үй коломтосунун куту деп абдан бийик баалап келгенин баса белгиледи.

»Эненин сүтүн актаган адам гана бейишке кирет». Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткан: «Мен бул дүйнөдө кандай бийиктикке жетсем, ал ийгилигиме энемдин салымы чоң», деп. Чындыгында Эненин орду коомубузда эбегейсиз зор. Эне — бул жашоонун символу. Эненин мээримине бөлөнүп чоңойгон, эненин таалим-тарбиясын көргөн балдар эч качан жаман жолго барбайт. Мына ушундай балдар гана биздин мамлекеттин келечеги болот. Биздин негизги максат — энелердин социалдык кадыр-баркын эң бийик деңгээлге көтөрүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын бардык энелерине алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал өлкөнүн бардык аймактарынан жолугушууга келген ар бир эненин ысмын ыраазычылык менен атап, өзгөчө кароосуз калган 128 баланы тарбиялаган жана учурда 18 баланы тарбиялап жаткан Наталья Аслаповскаяны белгиледи.

Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болгон жаш спортчулар Жоламан Шаршенбеков жана Эрбол Бакировдун апалары Гүлнар Жумалиева жана Айнура Турабаеваны белгиледи.

«Атанын керээзи» тасмасы менен Монреаль гран-присин жеңген жаш режиссер Дастан Жапар уулунун энеси Айымкүл Дыйкановага, өлкөнүн маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловдун апасы Светлана Садыркуловага жана чет өлкөдө эмгектенип, өзүнүн жасаган жакшы иши менен жалпы Кыргызстан эли үчүн сый жана ишеним алып келген Кайрат Тентимишовдун апасы Клара Тентимишовага ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков энелерге зор бакты-таалай, узун өмүр, балдардын сый-урматын көрүп, үй-бүлөлүк бакытка бөлөнүшүн каалады.

Эске салсак, Кыргыз Републикасынын Жарлыгына ылайык, 2019-жылы «Эне даңкы» медалы менен 470 эне жана «Баатыр эне» ордени менен 1135 эне сыйланды. Мамлекет башчысынын колунан 9 эне «Баатыр эне» ордени менен сыйланып, 6 эне ыраазычылык каттарды алышты. Жолугушуунун бардык катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинен символикалуу белектер тапшырылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12