KELECHEK

Австрия башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды

Австрия башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды

Австрия парламенти башталгыч мектептерде хиджап кийүүгө тыюу салды. Мыйзам долбоорун канцлер Себастьян Курцтун Австрия элдик партиясы жана Австрия эркиндик партиясы колдоду.

Документте диний же идеологиялык баш кийим кийүүгө тыюу салынганы белгиленген. Мыйзамдын кипа жана паткаларга тиешеси жок. Документке ылайык, бул баш кийимдер чачты толугу менен жаппайт.

Өкмөт мыйзам долбоорун үч жолу парламенттин кароосуна жөнөткөн.

Депутаттардын пикиринде, мыйзам мусулман кыздардын австрия коомуна аралашып кетүүсүнө жардам берет. Оппозиция өкүлдөрү өкмөт популизм менен алектенип жатканын, бул интеграция жана билим берүү маселелерин чечпей турганын айтышууда.

Мыйзамды бузгандар 440 евро өлчөмүндө айып пул төлөшү мүмкүн. Австриядагы мусулмандар коому парламенттин чечимине каршы Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылышарын билдиришти. Алардын пикиринде, мыйзам мусулмандарды гана кодулоого багытталган.

2017-жылдан бери Австрияда коомдук жайларда бетти чүмбөттөгөн кийимдерди кийүүгө тыюу салынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-16  14:50

Өзбекстанда жогорку окуу жайларга документ тапшыруу үзгүлтүккө...

Өзбекстанда жогорку окуу жайларга документ тапшыруу үзгүлтүккө...

8-июлда Өзбекстанда жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) документ тапшыруу учурунда олуттуу...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-11  15:11

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди...

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди...

2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-09  19:33

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 8-июлда, 2019-жылы орто мектептин...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-08  14:09

Өзбекстанда 72 жаштагы жаран абитуриент болду

Өзбекстанда 72 жаштагы жаран абитуриент болду

Өзбекстанда 72 жаштагы апа абитуриент...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-03  01:53

Өкүл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган окуучулар...

Өкүл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган окуучулар...

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-06-25  18:19

Мектепке чейинки билим берүүдө социалдык долбоор иштей баштайт

Мектепке чейинки билим берүүдө социалдык долбоор иштей баштайт

Ушул жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-05-27  19:12