KELECHEK

Нур-Султанда көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясына чыгышты

Нур-Султанда көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясына чыгышты

16-майда ондогон көп балалуу жана жалгыз бой энелер шаардык акимчиликке келип, социалдык абалдарын жакшыртууну талап кылышты.

Чогулгандар көп балалуу энелерди турак-жай менен камсыздоо боюнча өкмөт сунуштаган программа натыйжасыз экенин билдиришти. Алар үй баштапкы төгүмсүз жана банктык комиссиясыз берилиши керек деген пикирде.

Көп балалуу энелер өткөн айда өз сунуштарын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге жана премьер-министр Аскар Маминге, парламент депутаттарына жөнөтүшкөн. Акимчиликке чогулган аялдар алардын каты ээлерине жетпегенин айтышты. Чогулгандар кат Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине кайра жөнөтүлгөнүнө нааразы болушууда.

Акимчиликте чогулгандар менен сүйлөшүү үчүн бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок. Мындан соң көп балалуу энелер Алматы экономикалык форуму өтүп жаткан Конгресс борборуна бет алышты.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, Алматы экономикалык форумунда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөйт.

Социалдык абалды жакшыртуу боюнча көп балалуу энелердин талаптары февралда жер тамдан чыккан өрттөн беш бир тууган кыз күйүп кеткенден кийин күч алды. Жапырт нааразылык акциялары өтүп жаткан учурда ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев өкмөттү отставкага кетирген.

Апрелде президент Касым-Жомарт Токаев айына ар бир балага 21 миң теңге жөлөк пул чегерүү боюнча аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Өлкөнүн ар кыл аймактарында көп балалуу энелер социалдык жардам алуу үчүн документ топтоо кыйынчылыктар менен коштолуп жатканына даттанышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Өткөн жума соңунда Жалал-Абад шаарында жаш жоокерлерди аскерге узатуу  салтанаты өттү....

КООМ 2019-09-16  13:14

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУнун суу жана санитардык кызматтар боюнча атайын баяндамачысы Лео Хеллер Тажикстан...

КООМ 2019-09-16  16:14

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык,...

КООМ 2019-09-13  19:34

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 10-сентябрда, коррупцияга...

КООМ 2019-09-10  20:48

Эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгондор сыйланышты (ФОТО)

Эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгондор сыйланышты (ФОТО)

Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында бир катар эл аралык мелдештерден байгелүү орундарды...

КООМ 2019-09-09  18:50

Гүлмира Кудайбердиева министрлик кызматтан бошотулду

КООМ 2019-09-05  16:25