KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районундагы сүт өндүрүү боюнча фермердик чарбанын иши менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районундагы сүт өндүрүү боюнча фермердик чарбанын иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында бүгүн, 16-майда Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы «Капар уулу Улан» фермердик чарбасына барды жана Дүйнөлүк Банктын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында аткарып жаткан иши менен таанышты.

Долбоордун жетекчиси Төрөгул Беков жана чарба жетекчиси Уланбек Дыйканов маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору 2018-жылдан бери ишке ашырылууда.  Анын максаты — сүт багытындагы уйлардын азыктуулугун жана сүт чогултуу борборлорунда сүттүн сапатын жогорулатуу. 

Долбоордун биринчи компоненти боюнча — сүт секторундагы мамлекеттик жана жеке кызматтарды күчөтүүгө бардыгы болуп 1,140 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Анын ичинен 550 миң АКШ доллары Балыкчы жана Каракол шаарларындагы аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун колдоого,  200 миң доллар сүт багытындагы уйлардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, уйларды жасалма жол менен уруктандырууну жайылтууга көмөк көрсөтүүгө берилген.

Долбоордун экинчи компонентинин алкагында (1,140 миң АКШ доллары) сүт багытындагы уйлары бар 6000 кичи фермерлер мал чарбасын туура алып баруу жана фермердик чарбаны башкаруу боюнча окутуудан өткөрүлөт.

Үчүнчү компонент (2,120 млн АКШ доллары)  Айланма фонд күрөөсүз жана эркин пайыздуу насыяларды кичи дыйкандарга жана сүт алуучуларга сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында бодо мал, материалдар жана чакан жабдууларды сатып алуу үчүн камсыздайт.

Бардык компоненттер боюнча айылдарда фермерлерди окутуу жүрүп жатат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул сыяктуу долбоорлор региондордун жашоочуларын колдоп, аларды ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөт жана мал чарбасындагы жаңы технологияларды үйрөтө турганын, айылдын жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошорун канааттануу менен белгиледи. Ал долбоорду ишке ашырууда жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41