KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Түп районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы Түп районунун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бул жерден чыккан көрүнүктүү инсандарды атады жана алардын өрөөндү гана эмес, мамлекетке кошкон салымын эске салды.

Ал мамлекет тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн жаӊы стратегиялык багыттары белгиленгенин айтып, реформалар жана долбоорлор жөнүндө айтып берди. Алар — аймактарды өнүктүрүү, жергиликтүү ишкерликти колдоо, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу, өлкөнүн финансылык институттарынын каражаттарын аймакка буруу ж. б.

Президент мамлекет аймактарды өнүктүрүүдө бардык аракеттерди көрүп жатканын, эми жергиликтүү бийлик инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иш жүргүзүшү керектигин белгиледи. «Инвестицияларды тартуу жана жаңы жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликтин ишмердигин баалоодогу негизги критерий», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү — бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмарларына жардам берүү, мамлекеттен гана күтүп отурбастан, райондордогу жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо.

«Азыр айылдарда аярлуу катмарларды колдоо боюнча иштер аткарылып жатат. Акимдер дагы бул ишке активдүү кошулушуңар керек. Мен чет жакта жашап, иштеген биздин мекендештер менен көп жолугушам, көпчүлүгү өзүнүн кичи мекенине инвестиция кылууга даяр. Алар менен биргеликте жергиликтүү бийлик иш жүргүзүшү керек», — деп белгиледи Президент.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлорго токтолду. Буларга Мамлекеттик ирригация программасынын ишке ашырылышы, Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясы, Турак жай мамлекеттик ипотекалык программасы, стратегиялык мааниси бар «Түндүк-Түштүк» альтернатива жолунун курулушу, энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, экологиялык таза  продукцияны өндүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спорт багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу.

«Өлкөнүн башкы багыттарынын бири — бул атамекендик экологиялык жактан таза агропродукциясын экспортко чыгаруу. Биз дүйнөлүк рынокто өзүбүздүн экологиялык таза азыктарыбыз менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоонун негизги багыттарын, коррупция менен системалык күрөш, тышкы саясат багытындагы жүргүзүлүп жаткан жана алдыда боло турчу иштер, санариптештирүү жылында аткарылган жана аткарыла турчу долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Ал жергиликтүү бийликти коррупция менен күрөшүүдө жөн гана байкоочу болуп турбастан, мамлекетке жана Президентке бул күрөштө жардам берүүгө, антикоррупциялык иштерди күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле бул күрөштүн негизги компонеттеринин бири адамдын мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө чиновник менен болгон түз байланышын санариптештирүү жолу аркылуу жоюу экенин атады.

«Мен бул багыттар боюнча убадаларды Президенттик кызматка  талапкер болгонумда шайлоо маалында бергем. Ошондуктан буларга кеңири токтолдум», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Жергиликтүү жашоочулардын суроолору көбүнчө социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү ишкерликти колдоо, коррупцияга каршы күрөшүү, аймактарды өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту колдоо, маданий иш-чаралар ж. б. жөнүндө болду.

Суроолорго Президент Сооронбай Жээнбеков жана тиешелүү министрликтер менен ведомстоволордун, жергиликтүү бийликтин жетекчилери жооп беришүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41