KELECHEK
rek

Шереметьеводогу учак кырсыгынын негизги себептери аталууда

Шереметьеводогу учак кырсыгынын негизги себептери аталууда

Шереметьево аэропортунда күйүп кеткен "Сухой Суперджет 100" (SSJ 100) учагына тийген чагылган бортко маселе жараткан, бирок ал анчалык опурталдуу болгон эмес.

Бул тууралуу "Коммерсантъ" 41 кишинин өмүрүн алган кырсыктын себептерин иликтөөгө катышы бар булактарына таянуу менен билдирди.

Эксперттердин пикиринде, оор кырдаалды учкучтар өздөрү пайда кылган болушу мүмкүн. Конуу алдында алар кыймылдаткычтардын иштөө режимин кескин көбөйтүп, ошол эле маалда учактын тумшугун ылдый түшүрүшкөн. Мындан тышкары учак жерге катуу урунуп баштаганда учкучтар аны кондурууну улантышкан, эреже боюнча бул учурда кайрадан асманга көтөрүлүү керек болчу.

Басылманын маектешинин билдиришинче, эми тергөө эки учкучтун кимиси бул катачылыктарга жол бергенин аныктап чыгышы зарыл.

Учакка чагылган тийгенден кийин, генераторлор токтоп, аккумулятордук батареялар иштеп баштаган. Мындан соң учуу түз башкаруу режимине өткөн, учкучтардын ыктымал катачылыктарын оңдоп турган борттогу компьютер иштебей калган. Генератор иштебей калган учурда эмне кылуу керектиги бортто жазылган. Учакты чыгаргандар ырастагандай, "Супержет 100" жетиштүү убакыт абада кармалып турууга кудуреттүү, экипаж жакынкы аэродромго учуп жетүүгө үлгүрмөк.

Маалыматтарга караганда, учкучтар менен диспетчерлердин сүйлөшүүлөрү иликтенип чыккан, борттогу жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жок деген авариялык кырдаал тууралуу белги берилген. Буга байланыштуу учак токтогон жерде өрт өчүрүүчүлөр күтүп турган эмес.

5-майда «Sukhoi Superjet» учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапкан. Москвадан Мурманскка жөнөгөн учакта 78 адам – экипаждын 5 мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан. 37 киши аман калды, алардын айрымдары ооруканада.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...