KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду берген арызына ылайык кызматынан бошотту

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду берген арызына ылайык кызматынан бошотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кадыркулов Идрис Анарбекович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду өзүнүн берген арызына ылайык кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат маалымдады.

Мурдараак УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат таратып, анда жетекчиси Идрис Кадыркулов биометрикалык паспорттун бланк чырына байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз бергенин кабарлаган.

Маалыматта УКМК төрагасынын «УКМКда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин мыйзамсыз иштери тууралуу жетиштүү далилдер бар деген маалыматтар бир нече ирет кабарланган. Ага карабай, бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ушундан улам түзүлгөн кырдаалды эске алып, менин тергөө иштерине кийлигишүү мүмкүнчүлүгүм жөнүндө пикирлерди четке кагыш үчүн мен УКМКнын жетекчилигинен баш тартууну чечтим. Бул боюнча президентке - Башкы командачыга арыз бердим» деген сөзү жазылган.

Идрис Кадыркулов УКМКнын жетекчиси болуп 2018-жылы 20-апрелде дайындалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12