KELECHEK

Өзбекстанда психикалык жактан жабыркаган адам 15 жаштагы өспүрүмдү зордуктаган

Өзбекстанда психикалык жактан жабыркаган адам 15 жаштагы өспүрүмдү зордуктаган

Өзбекстандын Наманган облусундагы орто мектептин директору 12-майда алардын 8-класстагы окуучусу зордукталганын ырастады. Анын айтымында, зордуктоонун алдында кылмышкер баланы катуу сабаган.

«Азыр бала ооруканада. Аны менен жолуктум, денеси бүт көгала экен. Азыр мектептин психологу тиешелүү иштерди алып барууда. Укук коргоо органдары бул иш боюнча тергөө иштерин баштады. Кылмышкер кармалып, ага каршы иш ачылды. Ал буга чейин зордуктоо үчүн түрмөгө отуруп чыкканы белгилүү болду.», — деди директор.

Наманган облустук ички иштер башкармалыгынан 15 жаштагы өспүрүмдүн зордукталышы фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Зордукталган баланын туугандарынын айтымында, кылмышкер баланы жумуш таап берем деп алдап алып кеткен. «Алгач ал баладан кыш тизгенди билесиңби, жумуш таап берем деп алдаган. Ээн жерге баргандан кийин аны зордуктоого аракет кылган. Бирок өспүрүм катуу каршылык көрсөтө баштагандыктан, аны катуу сабап салган», – деди туугандарынын бири.

Өспүрүм дарыланып жаткан оорукананын дарыгери анын денесинде көптөгөн гематома бар экенин, бирок алар баланын өмүрүнө коркунуч жаратпай турганын билдирди. Анын айтымында, зордуктоонун кесепеттерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы өспүрүмдү зордуктаган адам психикалык жактан жабыркай турганын билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстанда төрт өзбекстандык жол кырсыгына кабылды

Казакстанда төрт өзбекстандык жол кырсыгына кабылды

18-майда Казакстандын түштүк-батышындагы "Бейнеу – Тажен"...

Душанбеде курулуш краны кулап, жакын жайгашкан үйдөгү батирлер...

Душанбеде курулуш краны кулап, жакын жайгашкан үйдөгү батирлер...

Душанбеде 30 метр бийиктиктен курулуш краны кулап, жакын жайгашкан...

Тажикстанда түрмөдөгү тополоңдон 30дан ашуун киши мерт болду

Тажикстанда түрмөдөгү тополоңдон 30дан ашуун киши мерт болду

Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда 19-май күнү кечинде...

Анжиянда Мирзиёевдин келишине карата көчөдөгү гүлдөрдү сугарып...

Анжиянда Мирзиёевдин келишине карата көчөдөгү гүлдөрдү сугарып...

16-майда Анжиян облусунун Асака районунда Cobalt...

Шереметьеводогу учак кырсыгынын негизги себептери аталууда

Шереметьеводогу учак кырсыгынын негизги себептери аталууда

Шереметьево аэропортунда күйүп кеткен "Сухой Суперджет 100"...

Ооганстанда белгилүү тележурналист Мена Мангал өлтүрүлдү

Ооганстанда белгилүү тележурналист Мена Мангал өлтүрүлдү

Мена Мангал

Кабулда ишемби күнү эртең...