KELECHEK

Түркия ТИМи элчи катышкан ооз ачардагы окуяга жооп берди

Түркия ТИМи элчи катышкан ооз ачардагы окуяга жооп берди

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги муфтият уюштурган ооз ачарга мурдагы «Себат» билим берүү мекемелеринин жетекчиси менен элчини чогуу чакырган окуя боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксойдун билдирүүсүн таратты.

Анда 8-майда муфтият уюштурган ооз ачарга бул өлкөдөгү ФЕТӨ/FETO (Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт – ред.) башчыларынын чакырылганы кабыл алынгыс экени белгиленген. «Бул абалды байкаган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ага жараша мамиле кылган жана ал туура болгон», - деп жазылган билдирүүдө.

Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына нааразы болгон видео 12-майда Интернетке тарады. Ал мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип, «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп, ресторандан кетип калган. Дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да эске салган.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев мындай окуя болгонун «Азаттыкка» ырастап, ооз ачарга адамдар бөлүнүп чакырылбай турганын билдирген.

Маалыматтарга караганда, муфтияттын ооз ачыруу дасторконуна Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчилер чакырылган.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишмердигин 1992-жылы баштаган. Түзүүчүсү - диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кытай Эл Республикасынын...

CАЯСАТ 2019-05-22  17:21

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу...

Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 18-майда Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык...

CАЯСАТ 2019-05-19  10:01

Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча сүйлөштү

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жумушчу...

CАЯСАТ 2019-05-17  09:18

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин...

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-майда, Кыргызстанга ШКУ мүчө...

CАЯСАТ 2019-05-15  05:48

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду...

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2019-05-15  11:19

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук...

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-майда Бишкекке ШКУга мүчө мамлекеттердин...

CАЯСАТ 2019-05-15  13:05

Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне...

Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин...

CАЯСАТ 2019-05-14  04:12