KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-майда, Кыргызстанга ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы өтүп кеткен Улуу Ата  Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктап,  Кыргызстанда дагы «Өлбөс полктун» жүрүшү өткөнүн, ага өзү дагы катышканын эске салды.

Мамлекет башчысы жакында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити кыргыз-орус кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарганына ишеним билдирди.

Ал Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү абдан маанилүү.

«Россия тарап ЕврАзЭБ шарттарына ыңгайлашуунун алкагында техникалык жардам көрсөтүп, бир нече жаңы чек ара заставаларын куруп берди. Жаңы автоунаа жана атайын техникалар келип түштү. Биздин Куралдуу күчтөргө тик учактар жана аскердик техникалар берилди. Мындай жардам терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ошондой эле региондо жана аймакта туруктуулукту бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттырат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жылуу кабыл алуусу жана туруктуу жолугушуулары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековду Жеңиш күнү майрамы менен куттуктап, бул өлкөлөрдүн тарыхында абдан маанилүү күн болуп саналарын, ал эми «Өлбөс полк» жүрүшү дүйнө элдерин бириктирээрин белгиледи.

Николай Патрушев ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында Россиянын позициясын колдогону үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы туруктуулукту сактоо, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу...

Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу...

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон иш сапарынын алкагында чек ара чыр чатактары...

CАЯСАТ 2019-07-15  19:00

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Аскар...

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Аскар...

Кыргыз Республикасынын Президенти...

CАЯСАТ 2019-07-13  18:27

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушууcу өттү

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушууcу өттү

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапар менен келди. Аны «Манас»...

CАЯСАТ 2019-07-13  18:37

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен...

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин...

CАЯСАТ 2019-07-11  15:25

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Швейцария Президенти Ули...

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Швейцария Президенти Ули...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда бир күндүк расмий визит менен...

CАЯСАТ 2019-07-10  14:11

Швейцариядагы  сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар...

Швейцариядагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен...

CАЯСАТ 2019-07-10  14:15

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын парламенттик...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын парламенттик...

«Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат», — деп баса...

CАЯСАТ 2019-07-10  14:22