KELECHEK
rek

Кытай жооп катары америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйттү

Кытай жооп катары америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйттү

Шанхайдагы порт

Кытай америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Кытай басылмалары өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин тарифтик саясат боюнча комиссиясына шилтеме кылып жазышты.

Пекин мындай чечимди АКШнын Кытай товарларына карата бажы төлөмүн көбөйткөндүгүнө жооп чара катары кабыл алган.

Кытай АКШнын жалпы баасы 60 миллиард долларга жеткен товары үчүн бажы тарифтерин 5 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрө тургандыгы кабарланууда. «Бирок бул өзгөртүүлөр күчүнө кире турган мөөнөт 1-июнга калтырылды. Ага чейин АКШ менен Кытай бийлигине чектөөлөрдү эки тараптуу жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилет», — деп жазды The New York Times.

Өткөн жуманын аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын жалпы наркы 200 миллиард долларга бааланган товарына тарифтер 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөрүлө турганын билдирген. Анда жаңы бажы тарифтери көбүнесе автотетиктерге тиешелүү болору кабарланган.

..There will be nobody left in China to do business with. Very bad for China, very good for USA! But China has taken so advantage of the U.S. for so many years, that they are way ahead (Our Presidents did not do the job). Therefore, China should not retaliate-will only get worse!

— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) May 13, 2019

«Эми бизнес кыла турган эч ким калбайт. Кытай үчүн жаман, АКШ үчүн өтө жакшы болот! Кытай көптөгөн жылдардан бери Кошмо Штаттарды пайдаланып келгендиктен (биздин президенттер анча жакшы иштешкен эмес), азыр алар кыйла алдыда. Андыктан Кытай жооп бербеши керек — мындан да жаман болот», — деп жазган Трамп «Твиттер» баракчасына.

АКШ президенти шайлоо өнөктүгү маалында америкалык компанияларды чет өлкөлүк товарлардан коргоо үчүн бир катар чараларды көрө турганын убадалаган. Ал өлкөнүн мурдагы жетекчилерин Кытайдын америкалык базарга жасаган таасирин жоюуга жетиштүү аракеттерди көргөн эмес деп айыптаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52