KELECHEK

Тогуз-Тородо кылмыштуулукту алдын алуу максатында эл менен милициянын жолугушуусу болуп өттү

Тогуз-Тородо кылмыштуулукту алдын алуу максатында эл менен милициянын жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 4-июль күнү Жалал-Абад ОИИБнын демилгеси астында орозо айына карата «Мекеним менин - Кыргызстан» долбоору алкагында  жаштарды спорт аркылуу ынтымак, биримдике чакыруу, сергек жашоого үндөөгө аны менен бирге кылмыштуулукту алдын алуу максатында эл менен милициянын кызматташуусунун жакшыртуу максатында Тогуз-Торо районунда спорттук мелдеш жана жергиликтүү калк менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, аталган иш-чарада спорттун волейбол, кичи футбол түрүнөн жалпысынан 20дан ашуун команда райондун аймагынан курама командалар келип катышып, алардын арасында мекеме-ишканалардан, укук коргоо органдарынын командалары да катышты. Райондук деңгээлде өткөрүлгөн саамалыкка бүт айыл аймактарынан  спорт ышкыбоздору катышып, Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана белектер ыйгарылды.

Андан соң, Орозо айына карата жергиликтүү элдин башын кошуп 300 адамга “Ифтарлык” өткөзүлдү. Ага облустун борборунан Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз ажы Закиров, Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын директору Куттумидин Базаркулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Калктын калың катмарынан чогулган бул жыйында Тогуз-Торо эли уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтып, элди ынтымак биримдикке үндөгөн кайрылуулар, тилектер айтылды. Уюштуруучулар тарабынан келген конокторго ак калпак, ак жоолуктар салынып элден ак бата алышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна...

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 17-октябрда, Жалал-Абад облусундагы эки...

Аймак 2019-10-18  12:46

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул районунун жашоочулары менен...

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул районунун жашоочулары менен...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки...

Аймак 2019-10-18  12:53

Кызыл-Кыядан Ферганага автобустук каттам ачылды

Кызыл-Кыядан Ферганага автобустук каттам ачылды

Кызыл-Кыя – Фергана – Кызыл-Кыя эл аралык автобустук каттамы ачылып, ишин баштады. Бул тууралуу...

Аймак 2019-10-07  16:30

Кыргызстан жана Тажикстан жаштары ынтымакка чакырган акцияларды...

Кыргызстан жана Тажикстан жаштары ынтымакка чакырган акцияларды...

Сентябрдын аягында Кыргызстан менен Тажикстанда Тынчтык жана Толеранттуулук...

Аймак 2019-10-02  21:58

Кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрө оңдолду

Кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрө оңдолду

Кыргызстандын Кулунду жана Тажикстандын Овчи-Калача айылдарын байланыштырган 12 метрлик...

Аймак 2019-10-01  18:31

Кыргыз-тажик чек арасынан кошумча аскер күчтөрү жана техникалары...

Кыргыз-тажик чек арасынан кошумча аскер күчтөрү жана техникалары...

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу...

Аймак 2019-09-20  14:52

Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады

Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул...

Аймак 2019-09-19  18:58