KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсалов жана Алексей Варавинге барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсалов жана Алексей Варавинге барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Жеңиш күнүнө утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсаловго жана Алексей Варавинге барды.

Мамлекет башчысы ар бир ардагердин үйүнө барып, алар менен жылуу баарлашты. Ардагерлер согуш жылдары жана өзүнүн турмуштук жолу тууралуу айтып беришти.

Усубакун Байсаловдун айтымында, ал аскерге 18 жашында чакырылып, согуш бүткүчөктү связист болуп кызмат өтөгөн, эки жолу жарадар болгон, 2-топтогу майып. Жеңишти Польшадан тоскон. Мекенине 1946-жылы кайтып келгенден бери билим берүү жаатында мектеп директору, элдик билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген. 95 жаштагы Усубакун Байсаловдун 8 уул-кыздары, небере, чөбөрө, кыбыралары бар.

98 жаштагы Алексей Варавин 1942-жылы Воронеж фронтуна жөнөтүлгөн. Ал артиллериялык полктун курамында согушуп, жарадар болуп, дарылангандан кийин 1944-жылы Звенигород танк дивизиясынын мина ыргыткыч кызыл туу полкуна которулуп, ал жакта согуштун аягына чейин кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күжүрмөн эмгеги үчүн «Кызыл жылдыз» ордени жана «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн жеӊиш үчүн» медалы менен сыйланган. Согуштан кийин музыкалык мектепте аскердик-дене тарбия даярдыгы мугалими, Украин ССРи жана Кыргыз ССРинде мамлекеттик коопсуздук органдарында эмгектенген.

Президент Сооронбай Жээнбеков эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшкөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин турмуштук жолу, каармандыгы жана эрдиги кийинки муундар үчүн үлгү экендигин белгиледи.

«Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Сиздердин эрдигиңер, согуш бүткөндөн кийин өлкөнү калыбына келтирүү боюнча күжүрмөн эмгегиңер мамлекеттин андан аркы өнүгүүсү жана бекемдөөсүнө негиз болуп берди. Биз эч качан ардагерлерибиздин каармандыгын жана Ата Мекенге өтөгөн кызматын унутпайбыз. Эртең, 9-майда, мен жылдагыдай „Өлбөс  полктун“ жүрүшүнө катышам. „Өлбөс полк“ — бул биз үчүн, Мекен үчүн жана адамзаттын келечеги үчүн өмүрүн бергендерди түбөлүккө эскерүү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ардагерлерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамына карата символикалуу белектерди берди. Усубакун Байсалов Президентке өзүнүн турмуштук жолу жөнүндө жазган китебин тартуулады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12