KELECHEK
rek

Кыргызстан элинин ассамблеясына 25 жыл

Кыргызстан элинин ассамблеясына 25 жыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу аземге катышты.

Салтанаттуу иш чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды. 

Алгач Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ишмердүүлүгү тууралуу тасма көрсөтүлдү.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков этностор аралык ынтымакты жана Кыргызстандын калкынын биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына байланыштуу Ассамблеянын бир катар мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлады.

Ардактуу конок катары чакырылган Россия элдеринин ассамблеясынын төрагасы Светлана Смирнова, Казакстан элинин ассамблеясынын өкүлү Жансеит Туймебаев, Өзбекстан Республикасынын министрлер кабинетинин алдындагы улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөр менен достук байланыштар комитетинин өкүлү Камолиддин Ишанходжаев, Тажикстандын Улуттук биримдик жана кайра жаралуу кыймылы исполкомунун төрагасы Асрори Мирзошохрух Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракеси менен куттукташты. Улуттар ортосундагы ынтымак, достук жана биримдикти сактоодо Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ролу жогору экенин белгилеп, ишине ийгилик каалашты.

Салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашуун киши, жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн коноктор катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12