KELECHEK
rek

Боронов: «ЮрАзиянын» уран кенинин жабылышы боюнча дооматы жок

Боронов: «ЮрАзиянын» уран кенинин жабылышы боюнча дооматы жок

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы лицензиясынын алынгандыгына байланыштуу дооматы жок экенин билдиргенин айтты.

«Биз «ЮрАзия» менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алар коомчулуктун тынчсыздануусун туура түшүнүп, эч кандай дооматсыз макул болушту», -деди ал.

Апрелде Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак кенинде уран казуу планы тууралуу маалыматтар пайда болгондон кийин өлкө боюнча уранга каршы митингдер башталган. Активисттер петиция түзүп, Бишкекте жана кендин өзүндө нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Бүгүн дагы Каракол шаарында уран казууга каршы митинг өтүүдө. «Азаттыктын» Ысык-Көлдөгү кабарчысынын айтымында, иш-чарага болжол менен 40тай шаардык активист катышууда.

Таш-Булак уран кени Ысык-Көл менен Нарын облусу кесилишкен жерде орун алган.

«Кыргызстандагы ЮрАзия »компаниясы кенде чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча лицензияны 2010-жылы алган. Компания уран казууда коопсуз технологияларды колдонорун, экологияга эч кандай зыян келбей турганын билдирген. Инвесторлор чалгындоо жумуштарына 271 миллион сом коротушканын айтышкан.

22-апрелде өкмөт уран кенин чалгындоо жана казуу үчүн берилген лицензияларды кайтарып алган. Бул арада айрым депутаттар Кыргызстанда уранды казууга 2070-жылга чейин тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Кыргызстанда уран кенин чалгындоо боюнча баш-аягы 18 лицензия берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38