KELECHEK

Кытай архивдеринен табылган маалымат кыргыз тарыхын 8 кылымга арбытты

Кытай архивдеринен табылган маалымат кыргыз тарыхын 8 кылымга арбытты

 «Мурас» мамлекеттик фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылганын кабарлады:

- Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын Кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгында биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган Кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу жазып калтырган материалдар табылды. Бул кыргыз тарыхы үчүн чоң жаңылык жана кубанычтуу окуя.

Президент Жээнбековдун Кытайдагы жумушчу сапарынын алкагында Бээжинде Тарых изилдөө институтунун директорунун орун басары Тянь Бо жана ушул эле институтка караштуу Евразия изилдөө борборунун директору, профессор Ли Цзиньсю менен жолугушуусунда бул жаңылыкты кытайлык тарыхчы окумуштуулар билдиришкен.

Кытайлык белгилүү тарыхчы Ю Тайшан өз изилдөөсүндө Кытайдын архивдик материалдарынан кыргыздардын аталышы биздин заманга чейинки X кылымга таандык маалыматтарда бар экенин таап чыккан.

Кыяс Молдокасымов буга чейин тарыхчы Сыма Цяньдын «Ши цзи» эмгегинде жолуккан кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар биздин заманга чейин 201-жылга таандык болуп келгенин айтып, эми табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга нары жылганын белгиледи.

Кыяс Молдокасымов 2019-жылы январда Бээжинге барып, Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон. Натыйжада кыска аралыкта кытай окумуштуулары кыска убакта коптогон даректүү документтерди табышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Улуу Жеңиш күнү — беш жыл бою,...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Улуу Жеңиш күнү — беш жыл бою,...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75...

ТАРЫХ 2020-05-09  14:18

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери...

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери...

Бүгүн, 6-майда, Кыргызстандын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен биргеликте...

ТАРЫХ 2020-05-06  12:57

Орусияда Жеңиш парады белгисиз мөөнөткө жылды

Орусияда Жеңиш парады белгисиз мөөнөткө жылды

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус жайылып жаткандыктан 9-майда Жеңиш күнүнө арналган...

ТАРЫХ 2020-04-17  18:51

Самаркандда Ислам Каримовдун коопсуздугу үчүн тургузулган дубал...

Самаркандда Ислам Каримовдун коопсуздугу үчүн тургузулган дубал...

Самарканд бийлиги 2006-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун демилгеси менен...

ТАРЫХ 2020-04-16  22:10

Жалал-Абадда Орусиянын

Жалал-Абадда Орусиянын "Дорога памяти" комплексине согуш ...

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Орусиянын Куралдуу Күчтөрү тарабынан ишке ашырылып...

ТАРЫХ 2020-02-18  14:45

Самаркандда 100 жыл мурун курулган почта имараты түрттүрүлбөй турган...

Самаркандда 100 жыл мурун курулган почта имараты түрттүрүлбөй турган...

Самаркандда ЮНЕСКОнун коргоосу алдындагы тарыхый мааниге ээ почта бөлүмүнүн имараты...

ТАРЫХ 2020-01-16  03:08

Президент Сооронбай Жээнбеков: Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай...

ТАРЫХ 2019-10-26  16:59