KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визитинин алкагында 28-апрелде, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпинь менен жолугушту.

Си Цзиньпинь Кытай мамлекети Кыргызстан менен кызматташууну каалай турганын жана анын өнүгүп келатканын көргөнгө кубанаарын белгиледи.

"Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болгон жана болуп кала берет. Биз “Бир алкак – бир жолдун” алкагында мындан ары да кызматташтыктын дараметин ача берүүгө даярбыз", - деп ишендирди КЭР Төрагасы.

Ал “Бир алкак – бир жол” Форумунун тегерек столундагы Сооронбай Жээнбековдун кечээки сөзү ага таасир калтырганын белгиледи.

"Сиз менен кайрадан жолугуп жатканыма абдан кубанычтамын. Форум абдан ийгиликтүү өттү. Албетте, бул ошондой эле Сиздин да колдооңуз менен болду. Былтыр Сиздин Кытай Эл Республикасына биринчи мамлекеттик визитиңиз ийгиликтүү өттү, биз анда эки өлкө ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк орногонун бирге жарыяладык. Биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу мамилелер туруктуу өнүгүүдө, буга мен абдан кубанычтуумун", - деп баса белгиледи Си Цзиньпинь.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү тууралуу чакыруусун кабыл алганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков эң жогорку деңгээлде уюштурулган «Бир алкак – бир жол» Экинчи Форумунун ийгиликтүү өтүшү менен Си Цзиньпинди куттуктады.

Анын натыйжалары бүт дүйнө коомчулугу үчүн тарыхый мааниге ээ болоруна ишеним билдирип, мында КЭР Төрагасынын жеке салымы бар экенин, Демилге бардык катышуучу өлкөлөргө бакубатчылык алып келерин белгиледи.

“Мен Форумдун алкагындагы Сиздин сөзүңүздү кунт коюп уктум. Ушул эки күн ичинде дүйнө жүзү Сизден биргелешип өнүгүүнүн жана Жер шарында бакубатчылыкты сактоонун жөнөкөй жана натыйжалуу жолдорун уга алды. Биз “Жашыл” жана “Чынчыл” Жибек жолунун алкагында Сиз сунуш кылган приоритеттерди толугу менен колдойбуз", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эки мамлекет башчылары эки тараптуу мүнөздөгү, ошондой эле ШКУнун алгындагы дагы эки тараптуу кызматташтыктын болочогун талкуулашты.

Тактап айтканда, транспорт жана жолдор, анын ичинде темир жолдор коммуникациялары, терроризмге жана экстремизмге каршы өз ара аракеттешүү, коргоо жана коопсуздук чөйрөлөрүндө кызматташуу уланат.

Ошондой эле Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоону көбөйтүү, калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригацияны өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар гуманитардык чөйрөдө, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташтыкты активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бирдиктүү көз караштарды билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12