KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунун аймагында патрулдук милиция ишке кирди

Жалал-Абад облусунун аймагында патрулдук милиция ишке кирди

Өткөн апта соңунда, 2-июлдан тарта Жалал-Абад облусунун аймагында жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматынын (ППС) биригүүсүнүн натыйжасында  Патрулдук милиция (ПМ) бөлүмү ишке кирди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ачылуу аземге КР Ички иштер министри,  милициянын генерал майору Кашкар Джунушалиев жана ИИМдин жооптуу бөлүм башчылары, облустук бийлик өкүлдөрү, жарандык коом жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги, Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Жалал-Абаддагы патрулдук милиция бөлүмүнүн ачылышында, жаңы түзүлгөн патрулдук кызмат аз убакыт аралыгында эл ишенимине ээ болуп, калктын калың катмарына сиңүүсү керектигин айтты.

“Патрулдук милициянын кызматкерлери сылык-сыпайы болгула. Кайсы жаран кандай тартип бузса дагы жакшы мамиле жасагыла. Анткени, алар өзүбүздүн эле элибиз”, - деди ИИМ министри.

Эске салсак, К.Жунушалиевдин ишке киришүүсүндөгү алгачкы талаптарынын бири катары  15-июнда “КР Ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарга сылык жана кылдат мамиле кылуу жөнүндөгү” буйругу чыккан.

Аталган бөлүмдүн башкы милдеттерине чакыруу болгон учурда өз убагында баруу, ар кандай кырдаалда ыкчам аракеттер менен кылмыш ишин суутпай кармоо, унаа кырсыктарынын алдына алуу максатында жолдо жүргөн айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн жол коопсуздугун сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу негизги милдет болуп саналат.

Патрулдук милицияда ушул тапта облус боюнча 200гө чукул кызматкер эмгектенсе, бир суткада 3 нөөмөт менен 8 сааттан алмашып иштешет.

Белгилей кетсек, аталган кызмат үчүн Жалал-Абад шаарында жаңы имарат демөөрчү, колдоочу жана ПМ кызматкерлеринин жеке  каржылоосу менен оңдоп түзөөдөн өтүп,  пайдаланууга берилди.

ИИМдин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев Жалал-Абаддагы патрулдук милиция үчүн алдыңкы убактарда жаңы унаа маселеси чечиле тургандыгын билдирди.

Иш сапар учурунда министр Жалал-Абад ОИИБнын, Жалал-Абад ШИИБнүн, Сузак РИИБнүн өздүк курамы менен жолугушуулар болду. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53