KELECHEK

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

 «Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев партиянын съездинде сенаттын мурдагы спикери, учурда мамлекет башчынын кызматын аркалап жаткан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттикке сунуштады.

Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин башкаруучу партиянын съездди алгачкы жолу өтүп жатат. Назарбаев өткөн айда кызматын тапшырган, бирок «Нур Отандын» лидери бойдон калган.

Съездде ага биринчи сөз берилди. «Элибиз үчүн туруктуулук жана эртеңки күнгө болгон ишенимден артык эч нерсе жок», - деди Назарбаев. Ал Касым-Жомарт Токаевди партиянын атынан талапкер катары көрсөтөрүн билдирди.

Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленген.

Казакстанда жана эл аралык коомчулукта Дарига Назарбаеваны атасынын мураскери катары көрүп, анын ордун басышы ыктымал деген жоромолдор айтылган. Бирок анын кезексиз президенттик шайлоого катышуу ниети жок экенин 9-апрелде жардамчысы Сауле Мустафаева «Tengrinews.kz» сайтына билдирген.

Учура ал Казакстан сенатынын төрайымы. Конституцияга ылайык, эгер президент мөөнөтүнөн мурун президенттик кызматын тапшырса, анын ыйгарым укуктары сенаттын башчысына өтөт.

Өлкөдө болочок президенттин ыйгарым укуктары Нурсултан Назарбаевге салыштырмалуу аз болот. 2017-жылы өзгөртүлгөн Конституция боюнча кадрдык жана саясий маселелерди чечүүдө көбүрөөк укуктар парламентке берилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

БШК Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын...

БШК Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын...

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мурдагы президенттин кызы Дарига Назарбаеванын...

Шайлоо 2020-05-04  16:18

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү...

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү...

Орусиянын президенти Владимир Путин 22-апрелде Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө жалпы элдик...

Шайлоо 2020-03-18  17:31

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла

Ооганстанда президент Ашраф Гани жана аткаруу бийлигинин...

Шайлоо 2020-03-10  18:03

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ошто жергиликтүү шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын кескин көбөйгөнүнө...

Шайлоо 2020-02-17  19:54

Тажикстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү процессин видеого...

Тажикстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү процессин видеого...

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда парламенттик шайлоо күнү добуш берүү процессин видеого...

Шайлоо 2020-01-23  18:13

Тажикстанда 7 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Тажикстанда 7 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Тажикстанда 16-январга карата жети саясий партиянын 70 мүчөсү жаздын башына белгиленген парламенттик...

Шайлоо 2020-01-18  16:42

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы...

Шайлоо 2019-12-26  23:31