KELECHEK

Окуучуну Тажикстанга алып кеткен жаран кармалды

Окуучуну Тажикстанга алып кеткен жаран кармалды

Баткендин Ак-Сай айылында жашаган, тогуз жаштагы окуучуну Тажикстанга алып кеткен Ворух анклавынын тургуну кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Аны Тажикстандын милициясы кармаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Аскарбек Аширалиев билдирди. Анын айтымында, окуя боюнча эки тараптуу биргелешкен тергөө тобу ишти алып барат. Азыр аймакта абал туруктуу. Эки тараптын милиция кызматкерлеринин биргелешкен патрулдук тобу аймакта абалды көзөмөлдөп турат.

21-апрелде Тажикстандын жараны Ак-Сай айылында жашаган, 2-класстын окуучусун алып кетип, жарым саат аралыгында баланы кайра милиция кызматкерлери алып келгенин жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Буга байланыштуу эл чогулуп, Ак-Сайдан Тажикстандын Ворух анклавына өткөн Исфара-Ворух жолу жабылган. Окуучу учурда облустук ооруканада. Анын абалы жакшы экенин, бир аз коркуп калганын ооруканадан “Азаттыкка” билдиришти.

Баткенде чек ара такталбагандыктан утур-утур жаңжалдар чыгып турат. Акыркы жолу, 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Баткен: чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканы белгилүү болду

Баткен: чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканы белгилүү болду

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылындагы чек арадагы тиреш...

Аймак 2019-05-21  17:04

Президент Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен...

Президент Сооронбай Жээнбеков Түп районунун жашоочулары менен...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, Ысык-Көл облусуна болгон эки...

Аймак 2019-05-16  13:52

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районундагы сүт өндүрүү...

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районундагы сүт өндүрүү...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында...

Аймак 2019-05-16  17:40

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА “ЭЛДЕР ДОСТУГУ ФЕСТИВАЛЫ” БОЛУП ӨТТҮ (ФОТО)

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА “ЭЛДЕР ДОСТУГУ ФЕСТИВАЛЫ” БОЛУП ӨТТҮ (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрель күнү Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылдык...

Аймак 2019-04-18  10:17

Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук күнү Кара-Көл шаарында белгиленди (ФОТО)

Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук күнү Кара-Көл шаарында белгиленди (ФОТО)

Кечээ, 8-апрелде Кара-Көл шаарында Бүткүл дүйнөлүк ден соолыу күнү белгиленип, анда шаар тургундары...

Аймак 2019-04-09  21:19

Аксылыктар чек арадагы жердин бир бөлүгүнүн Өзбекстанга берилишине...

Аксылыктар чек арадагы жердин бир бөлүгүнүн Өзбекстанга берилишине...

Аксы районунун жергиликтүү тургундары жана активисттери чек араны тактоодо...

Аймак 2019-03-29  11:49

Кыргыз-тажик чек арасындагы элдин маанайы

Кыргыз-тажик чек арасындагы элдин маанайы

Нооруз майрамы алдында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан тирешүү чыгып, 13-мартта...

Аймак 2019-03-22  15:15