KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды "медициналык туризм" өлкөсү кылуу максатын койгон Ош шаарындагы кыргыз-түрк эл аралык клиникасына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Ош шаарындагы кыргыз-түрк эл аралык клиникасын көрүп чыкты. 
Аталган долбоорду ишке ашырууга эл аралык инвесторлордун каражаттары сарпталган. 

Мамлекет башчысы клиниканын имаратын көрүп, жабдуулар менен таанышты. 
Клиниканын аткаруучу директору Тууганбай Өмүрзаковдун маалыматына ылайык, Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү боюнча саясатын колдоо максатында «Көз Клиникасы» ААК ай мактагы медицинаны өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошууну чечкен. Клиника 3 жыл аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы менен ачылып, заманбап талапка жооп берген эл аралык медициналык борбор, дүйнөлүк аталыштагы алдыңкы компаниялардын акыркы техникалары менен жабдылган. 
«Мындан тышкары өлкөдө буга чейин болбогон заманбап бактериологиялык лаборатория түзүлүүдө. Биздин медициналык борбордо тийиштүү категориядагы жыйырма бешке жакын адистер эмгектенишет, алардын баары Түркияда өз тармактары боюнча мыктылардын бири болуп саналат. 200гө жакын биздин жарандарды жумушка орноштуруу пландаштырылууда. Клиниканын ачылышы менен биздин жарандар дарылануу үчүн башка өлкөлөргө баруу зарылдыгы болбойт», — деп билдирди Тууганбай Өмүрзаков. 
Анын айтымында, клиника жакынкы жылдары Борбор Азиядагы эң алдыңкы, заманбап, башка өлкөлөрдөн дагы бейтаптарды кабыл алган клиникага айлануу максатын койгон. 
«Биз башка өнүккөн өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанды „медициналык туризмдин“ өлкөсү кылууга жетишүүгө аракет кылабыз. Алдыдагы биздин багыт — онкология жана органдарды алмаштыруу тармактарын өнүктүрүүгө басым жасоо», — деп баса белгиледи клиниканын аткаруучу директору. 
Клиника бейтаптарды неврология, физиотерапия жана реаблитация, жалпы хирургия, радиология, ЛОР, офтальмология, ортопедия жана травматология, гинекология жана акушерлик, лаборатория, тез жардам, педиатрия, ички ооруулар, урология, анестезиология, кардиология, реанимация багыттары боюнча кабыл алууну жүргүзөт.
Клиниканын ошондой эле 180 кишилик реаблитациялык борбору Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан. Бүгүнкү күндө салынган жалпы инвестициялык каражаттын көлөмү 10 млн АКШ долларына жакын каражатты түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38