KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков: Дени сак өлкө, дени сак улут – мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи

Президент Жээнбеков: Дени сак өлкө, дени сак улут – мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы ачылыш аземинде сүйлөп жатып, мамлекет региондо заманбап мектептер, ооруканалар болуш керек деп максат коюп жатканын белгиледи.

«Бүгүн Ош шаардык клиникалык оорукананын жаңы заманбап комплексин ачып жатабыз. Бул оорукана биздин региондогу жарандарга чет өлкөгө дарыланууга чыкпай эле жогорку сапаттагы ар тараптуу, кеңири багыттагы медициналык кызмат көрсөтөт», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүн өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форумга катышкандыгы тууралуу айтып берип, анда башка маселелер менен бирге ооруканаларды санариптештирүү жана саламаттыкты сактоо тармагында ашыкча бюрократияны жоюу маселелери да талкуулангандыгын белгиледи.

Оорукананын курулушу, аны заманбап жабдуулар менен камсыздоо Кытай Эл Республикасынын колдоосу менен ишке ашканын белгилеп, Мамлекет башчысы жакын коңшу, ишенимдүү дос жана стратегиялык өнөктөш КЭРге ыраазычылык билдирди.

Президент жакында Пекинде «Бир алкак — бир жолдун» алкагында боло турчу эл аралык кызматташтык форумуна катышаарын эске салып, июнь айында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визити күтүлгөнүн, андан кийин Бишкекте боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине катышаарын айтып, кыргыз-кытай кызматташтыгы мындан ары да эки тараптын кызыкчылыгында улантыла берет, деп белгиледи.

«Дени сак өлкө, дени сак улут — биздин мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи. Биздин милдет — калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн ооруканаларды заманбап жабдуу, адистерди даярдоо. Саламаттыкты сактоо системасында ырааттуу чечиле турган көп көйгөйлөр, милдеттер турат», — деди Сооронбай Жээнбеков

Бул тармакка инвестиция тартуу зарыл экенин белгилеген Мамлекет башчысы Германия Федеративдик Республикасына болгон  расмий визитинин натыйжасында бир катар макулдашууларга жетишилгенин эске салды.

Анын бири — жаңы перинаталдык  кызматын түзүүгө 21 млн еврого гранттык жардам көрсөтүү тууралуу келишим.

Келишимдин алкагында Бишкек, Ош, Талас шаарларында энелерге жана жаш балдарга эл аралык деңгээлде медициналык жардам көрсөтө турган заманбап перинаталдык борборлор ачылат.

«Мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына каражат жетиштүү бөлүүнүүдө. Быйыл бюджеттен 19 млрд. 600 млн. сом бөлүндү. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,2 млрд сомго көп. Мындай заманбап клиникалар өлкөнүн бардык аймактарында болушу зарыл. Жаңы клиника кут болсун!» — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Оштун тургундарын куттуктап, клиника Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда саламаттыкты сактоо жаатында ири долбоорлордун бири экенин айтып, бул кытай элинин кыргыз элине болгон урматынын жана бийик достугунун белгиси экенин белгиледи.

«Акыркы жылдарда „Бир алкак — бир жол“ демилгеси кыргыз-кытай кызматташтыгында жаңы барак ачты. Энергетика, жол инфраструктурасында жана саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды», — деп белгиледи Ду Дэвэнь.

Мамлекет башчы клиниканын имаратын көрүп, жаңы жабдыктар менен таанышып чыкты.

Маалымдама:

2016-жылдын октябрь айында Кытай Эл Республикасынын гранты менен жаңы Ош шаардык клиникалык ооруканасын куруу жана медициналык жабдыктар менен тейлөө иши башталган. Имарат коридор менен байланышып турган 3 башка корпустан турат (административдик, стационардык жана амбулатордук). Стационардык корпус бейтаптарды кабыл алуу жана шашылыш дарылоо үчүн 150 кишилик орунга ылайыкташкан.

Административдик корпуста кызматтык, материалдык-техникалык, онлайн байланыш бөлмөлөрү, илимий-изилдөө блогу, 200 орундук лекция окуучу зал бар.

Амбулатордук корпуста күнүнө 200-250гө чейин бейтапты кабыл алууга болот.

Анда терапевтикалык, хирургиялык, стоматологиялык, травматологиялык, көз, оториноларингологиялык, гинекологиялык бөлмөлөр жана реабилитация бөлүмү жайгашкан. Ошол эле жерде операциялык блок жана реанимация орун алган. Мындан сырткары ооруларды текшерүү жана диагноз коюу үчүн инструменталдык-диагностикалык кабинеттер бар.

Учурда объект толугу менен ишке даяр.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38