KELECHEK

“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи болду (ФОТО)

“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи болду (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-апрелде, “Ош – түрк дүйнөсүн маданий Борбору” ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу аземдин алдында уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов Президент Сооронбай Жээнбековго Ч.Айтматов атындагы ТҮРКСОЙдун ардактуу төш белгисин анын түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн тапшырды. Мындай төш белги буга чейин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын бир тууганы Роза Айтматовага тапшырылган. Кыргызстанда бул төш белги мамлекеттик ишмерге биринчи жолу тапшырылууда.

Сооронбай Жээнбеков көрүүчүлөр менен биргеликте театрлаштырылган оюн-зоок программасын жана түрк дүйнөсүнүн маданий ишмерлеринин гала-концертин көрдү жана ошондой эле сөз сүйлөп, Ордолуу Ош - Борбордук Азиядагы үч миң жылдан ашкан тарыхы, маданияты жана өтө бай салттары бар эң байыркы шаар экенин белгиледи.

“Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” катары жарыяланышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти.

Ош шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору деп жарыялоо  боюнча салтанаттуу аземдин ачылышына Азербайжан, Босния, Казакстан,  Македония, Өзбекстан, Россия, Сербия, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан кыргызстандыктар келишти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук...

Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук...

МАДАНИЯТ 2019-05-27  18:46

«Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңди

«Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңди

Нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс

Тель-Авивде өткөн...

МАДАНИЯТ 2019-05-20  11:27

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз...

МАДАНИЯТ 2019-05-07  16:58

МАДАНИЯТ 2019-04-29  16:32

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Белгилүү түрк киноактёру Бурак Озчивит Ташкентте олигархтардын...

МАДАНИЯТ 2019-02-22  05:05

Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда

МАДАНИЯТ 2019-02-11  12:46