KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков ГФР Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков ГФР Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  16-апрелде Германияга расмий визитинин алкагында  Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

 Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө  Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи.

“Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес”, - деп белгиледи Ангела Меркель.

Ал Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канааттануу билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.

“Мен сиздердин агрардык сектордогу кооперативдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өтүнүчүңүздөр тууралуу маалыматым бар. Биз бул чөйрөдө кызматташа алабыз, фитосанитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз ”, - деди ал.

Ангела Меркель Мюнхенде өткөн кыргыз-герман форуму экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болооруна ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгиледи.

Ал расмий визиттин алкагында эки күндүн ичинде болгон жолугушуулар жана иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

«Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери кирзилүудө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштөөдө», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштар активдешкени байкалганын, ошондой эле кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыкты жигердештирүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Кыргызстан менен Германия ортосундагы финансылык жана техникалык  кызматташтыкка оң баасын берди.

«Биздин кооперативдер бирикмелеринин ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлат. Биз агрардык тармак чөйрөсүндө, малдын асыл тукумдуулугун арттыруу, үрөнчүлүк жана кайра иштетүү боюнча кызматташууга кызыкдарбыз», - деп белгиледи Президент.

Соода-экономикалык мамилелерди ативдештирүү тууралуу айта келип, Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүүнү келечектеги башкы милдеттердин бири катары атады, германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырды.

 «Кыргызстанда Германия экономикасынын өкүлчүлүгүн жана стратегиялык кызматташтык боюнча Иштиктүү кеңеш түзүү  реалдуу кадамдардын бири болуп калмак. Соода жана инвестиция боюнча кыргыз-герман иш тобун толук кандуу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссия кылып кайра түзүүнү сунуш кылам», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Андан тышкары, ал Кыргызстандагы этникалык немистер эки өлкө ортосундагы достук көпүрөсү болуу менен өлкөнүн маданиятын жана экономикасын өнүктүрүүгө  салым кошконун өзгөчө белгиледи.

Ал ошондой эле Германия жана ЕБ менен кызматташтыкты тереңдетүү, туризмди, санариптештирүүнү, билим берүүнү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, региондорду өнүктүрүү, коңшулаш жана алыскы чет өлкөлөр менен кызматташуу жана алдыңкы жашыл технологияларды киргизүү боюнча маселелерге токтолду.

Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Германия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы диалогко даяр экенине Ангела Меркелди дагы бир жолу ишендирди, анын жооптуу ишмеридигине ийгиликтерди каалады жана өзүнө ыңгайлуу убакта аны Кыргызстанга жооп иретинде расмий визит менен келүүгө чакырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12