KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде Берлин шаарында  Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков менен Вольфганг Шойбле дүйнөдөгү саясий кырдаал жана Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусунун  келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Вольфганг Шойбле Германия парламенттик демократиянын жолу менен бара жаткан Кыргызстанды дайыма колдоорун баса белгиледи. Парламенттер аралык достук тобу жигердүү иштеп жатат.

Ошол эле мезгилде экономиканы өнүктүрүү маанилүү экенин, Германия Кыргызстандын өнүгүүсүнө жардам берүүгө дайыма даяр экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визити жана анын алкагында өткөрүлгөн жолугушуулар тууралуу  айтып берип, бул визит эки тараптуу карым-катнашты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө болоруна үмүттөнөөрүн билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жана Вольфганг Шойбле соода-экономикалык  кызматташтык, анын ичинде Евробиримдиктин алкагындагы кызматташуу  маселелерин  талкуулашты, климаттын өзгөрүүсү, глобалдык жылуулук, жашыл технологиялардын фондун түзүү ж. б. боюнча пикир алмашышты.

Тараптар климаттын өзгөрүүсү жалпы адамзатка тиешелүү экенин жана бардыгы ага кам көрүүсү зарыл экенин белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Германия менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Бундестагдын төрагасын Кыргызстанга  келүүгө чакырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12