KELECHEK
rek

Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель: Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштарын тереңдетүү зарыл

Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель: Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштарын тереңдетүү зарыл

«Кыргызстан менен Германиянын экономикалык байланыштары бар, бирок, аларды тереңдетүү зарыл», — деп билдирди Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуунун алкагында басма сөз үчүн билдирүү жасоо учурунда.

Баарынан мурда, Ангела Меркель Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрткө байланыштуу көңүл айтуу билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу менен ал Президент катары Германияга биринчи жолу расмий визит менен келгенин белгиледи жана кубануу менен аны куттуктады.

Силер өз көйгөйлөрүңөрдү чечип жатасыңар — парламенттик демократиянын орношу, табигый жаратылыш ресурстарына болгон мамиле, геостратегиялык кыйынчылыктарды жеңүү жана көп тараптуу кызматташуу. Булардын баары бизди бириктирип турат», — деди Ангела Меркель.

Германия билим берүү жаатында жаштар менен алмашуу боюнча  эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алгандыгын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосунда билим берүү чөйрөсүндө 25 өнөктөшүбүз бар. Германияда 500дөн ашык студенттер окушат жана сиздердин делегацияда немис азчылыгынын өкүлдөрү бар. Алар биздин өлкөлөрдү бириктирген көпүрө болушууда. Бүгүн Кыргызстанда дагы 8 миң немистер жашашат», — деп белгиледи ал.

Ангела Меркель кечээ Мюнхенде өткөн экономикалык форум эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жакшы старт болуп калганын белгиледи.

«Сиздер Кыргызстанды жана өлкөнүн өнүгүү чөйрөлөрүн жакшы көрсөттүңүздөр. Өлкөнү регионалдык бекемдөө боюнча милдеттерге чоң урматтоо менен караймын. Өзгөчө сууну пайдалануу жана климат чөйрөлөрүндө. Арал деңизин сактоо боюнча фонддун алкагында биз бул көйгөйлөрдү биргелешип чечебиз. Евробиримдик азыр Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны иштеп чыгууда жана бул контекстте биз сиздер ЕБдан эмнени күтөөрүңүздөрдү уккубуз келет», — деп Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель сөзүн жыйынтыктады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38