KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Берлин шаарында Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбековду жылуу кабыл алып, Германиянын Федералдык президенти анын агрардык тармактагы бай тажрыйбасын белгиледи. Ал эртең айыл чарба кооперативдери темасында көргөзмө өткөрө турганын, бул Кыргызстандын Президенти үчүн абдан актуалдуу экенин жана кызыктуу болоорун баса белгиледи.

«Сиз Германияга биринчи жолу келген жоксуз жана биздин өлкөнү жакшы билесиз. Мен дагы Бишкекте болгонмун жана сиздердин өлкө, эли жана жаратылышы мага абдан жаккан», — деп билдирди Франк-Вальтер Штайнмайер.

Ал Кыргызстан парламенттик демократия жолунда ишенимдүү бара жатканын, ошондуктан Президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында ишке ашып жаткан кайра куруулар чоң суктанууну жана урматтоону пайда кылып жатканын баса белгиледи. Кыргызстандагы Германиянын фонддору менен долбоорлорунун ишине ар дайым колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия тараптын меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бавариядагы расмий визиттин биринчи күнү окуяларга бай болгонун жана бүгүнкүгө  пландаштырылган жолугушуулар тууралуу айтып берди.

Ал Кыргызстандын өнүгүү жолу жана өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар, парламенттик демократияны бекемдөө, сот-укук коргоо системасындагы реформа, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу тууралуу кыскача айтып, кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүшүнүн канааттандырарлык деңгээлин жана кызматташтыктын азыркы темпин улантуу маанилүү экенин белгиледи.

«Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтыгынын жаңы Келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөр процессинин алкагында активдүү иштеп жатабыз. Келишимге кол коюу КР менен ЕБ ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат. Бул сиздердин да жетишкендик», — деп Сооронбай Жээнбеков Франк-Вальтер Штайнмайерге кайрылды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында 150 млн евро көлөмүндө жардам көрсөткөнү үчүн Германия тарапка ыраазычылык билдирип, 2020-жылы Германиянын Экономика күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү, сапаттуу кыргыз продукциясын Евробиримдиктин рыногуна чыгаруу маселесине көңүл бурду.

«Кыргызстандагы фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория системасын бекемдөөгө жардамга муктажбыз. Эки өлкөнүн агрардык кооперативдери ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү өтө маанилүү» — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мөңгүлөрдүн ээрип жатканына тынчсыздануусун билдиришкен Мамлекет башчылары жашыл технология тармагында кызматташуу зарыл экенин белгилешти, анткени, бул бир эле регионду эмес, бүт дүйнө жүзүн тынчсыздандырган проблема.

Мамлекет башчылар ошондой эле демократиялык принциптерди бекемдөө, адам укугу, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоо, мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги тууралуу маселелерди да талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, ал ар дайым меймандос кыргыз жергесинде сыйлуу конок болоорун баса белгиледи. Франк-Вальтер Штайнмайер чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12