KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык

«Кыргызстанда экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчы белгилегендей, өлкөбүздүн географиялык жактан жагымдуу жайгашуусу, бай жаратылыш ресурстары жана тажрыйбалуу, арзан жумушчу күчү,  табигый артыкчылыктарыбыз болуп саналат, өлкөдөгү ийкемдүү билим берүү системасы кыска мөөнөттүн ичинде керектүү персоналды даярдай алат.

«Биз жагымдуу инвестициялык климатты, саясий жана макроэкономикалык туруктуулукту түзө алдык. Биз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү Стратегиясын кабыл алдык. Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын аныктадык. Алар — энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр-жайлары, айыл чарба жана кайра иштетүү, транспорт жана туризм. Стратегияда аймактарды өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө орун берилген», — деп баса белгиледи Президент.

Ал белгилегендей,  бизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулбай келген чоң мүмкүнчүлүк бар. Биздин кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — өлкөдө биргелешкен кыргыз-герман ишканаларын түзүү боло алат.

«Регион боюнча бизде башкаларга караганда либералдуу салыктык режимдер иштейт. Пайда салыгы жана киреше салыгы болгону 10%дан болсо, ал эми кошумча нарк салыгы — 12%ды түзөт. Арзан баадагы ресурстарга мүмкүндүк алуу, анын ичинде арзан эмгек күчү жана электр энергиясы биргелешкен ишканалар үчүн салыштырмалуу артыкчылык берет. Бизде электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң арзан болуп саналат. Кыргыз Республикасында экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инструменти активдүү ишке ашырылууда.  Инвесторлор үчүн өнөр-жайдагы аймактык долбоорлорду ишке ашырууда  сезилерлик салыктык жеңилдиктер берилген. Азыркы кезде жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасы менчик укугуна жана келишимдик укуктарды сактоого ишенимдүү кепилдик берет», — деди  Сооронбай Жээнбеков.

Ал баса белгилегендей, Кыргыз Республикасында 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө кирди. Эми инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча бекем укуктук пайдубал пайда болду. «Түндүк» электрондук Өкмөт программасы кабыл алынды.  Ал мамлекеттик органдардын калкка кызмат көрсөтүүсүн жакшыртууга жана коррупция менен күрөшүүгө багытталган. Мындан ары коррупция менен күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын борборунда кала берет.

«Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгү 180-миллиондук рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Тоолуу рельефин жана ажайып жаратылышын эске алганда Кыргызстан туризмдин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу. Бизде коруктардын, биосфералык аймактардын жана экологиялык зоналардын жана курорттук ден соолукту чыңдоочу жайларынын саны абдан көп.  Кыргызстандын өкүлдөрү жыл сайын дүйнөдөгү эң ири туристтик жарманкеге —  „Берлиндеги эл аралык туристтик биржага“ катышышат. Бизде альпинисттер, аң уулоочулар жана Улуу Жибек жолундагы тарыхый эстеликтерди изилдөөчү туристтер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан  дүйнөнүн 52 өлкөсүнө,  анын ичинде Германияга бир тараптуу виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкөлөрдүн бири. Эл аралык туристтик уюмдардын маалыматтары боюнча 2012-жылы Германиядан Кыргызстанга барган туристтердин саны 7 миңдей болсо, 2018-жылы 22 миңге жакын адам болгон», — деп Кыргызстандын артыкчылыктарын тизмектеди Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12