KELECHEK

Мирзиёев менен Токаев чогуу билдирүү жасашты

Мирзиёев менен Токаев чогуу билдирүү жасашты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкенттеги эки күндүк мамлекеттик сапары уланууда. Бул визиттин жүрүшүндө Казакстан менен Өзбекстан президенттери чогуу билдирүү жасашты.

Казакстан президенти эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелердин сапатын жана мазмунун жогору баалады. Касым-Жомарт Токаев мурдагы президенттин жолун улап, казак-өзбек кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө аракет жасай турганын кошумчалады.

Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаевди президенттик кызматка кириши менен куттуктады. Ал боордоштук ымала түзүүдөгү Назарбаевдин ролун баса белгиледи. “Биз үчүн Казакстан – жакынкы кошуна, стратегиялык өнөктөш. Бизди кызматташтыктын бардык багыттарындагы оң динамикалар кубандырат”, – деди Мирзиёев.

Тараптар чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү эл аралык коркунучтарга, өзгөчө терроризм, диний экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз миграцияга каршы чогуу күрөшүүгө макулдашты.

Казакстан президентинин Ташкентеги расмий сапары уланууда. Эки мамлекеттин башчылары Өзбекстандагы Казакстан жылынын ачылыш аземине катышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр...

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр...

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду», — деп баса белгиледи Кытай...

ДҮЙНӨ 2019-06-13  17:53

Нетаньяхунун жубайы өкмөттүн эсебинен кымбат тамактарды жегендиги...

Нетаньяхунун жубайы өкмөттүн эсебинен кымбат тамактарды жегендиги...

Сара Нетаньяху, Биньямин Нетаньяху жана Майк Пенс. Варшава шаары, 14-февраль 2019-жыл

Израилдин...

ДҮЙНӨ 2019-06-13  18:47

АКШ Польшага кошумча аскерлерин жөнөтөт

АКШ Польшага кошумча аскерлерин жөнөтөт

Вице-президент Майк Пенс Польшадагы америкалык аскерлер менен жолугушууда. Февраль,...

ДҮЙНӨ 2019-06-12  18:08

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Казакстандын шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев

 

Казакстандын шайланган...

ДҮЙНӨ 2019-06-12  18:10

Азия саммити өткөн күндөрү Душанбедеги окуу жайлар жана негизги...

Азия саммити өткөн күндөрү Душанбедеги окуу жайлар жана негизги...

Душанбеде өтө турган Азия лидерлеринин саммитине байланыштуу...

ДҮЙНӨ 2019-06-12  18:38

Зеленский тышкы чалгындоо жетекчилигине

Зеленский тышкы чалгындоо жетекчилигине "Батькивщинанын" депутатын...

Украина президенти Владимир Зеленский Тышкы чалгындоо кызматынын жаңы жетекчисин...

ДҮЙНӨ 2019-06-12  18:47

Токаев инаугурацияны 12-июнда өткөрүүнү пландоодо

Токаев инаугурацияны 12-июнда өткөрүүнү пландоодо

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялап үлгүрсө,...

ДҮЙНӨ 2019-06-11  10:07