KELECHEK
rek

Дүйнө лидерлери Нотр-Дамдагы өрткө байланыштуу париждиктерге көңүл айтууда

Дүйнө лидерлери Нотр-Дамдагы өрткө байланыштуу париждиктерге көңүл айтууда

Дүйнө саясатчылары жана католик чиркөөлөрүнүн лидерлери Нотр-Дам чиркөөсүндөгү ири өрткө байланыштуу париждиктерге көңүл айтышып, тилектештигин билдиришүүдө.

Окуя болгон жерге өлкө президенти Эммануэль Макрон барып, чиркөөнү “ар бирибиздин бир бөлүкчөбүз болуп калган” деп атады жана имаратты калыбына келтирүүгө каражат чогултуу боюнча эл аралык өнөктүк башталарын айтты.

Ватикан Париждеги үрөйдү учурган өрткө байланыштуу Твиттерде үн катты:

"Ыйык так Нотр-Дам чиркөөсүндөгү, Франциядагы жана буткүл дүйнөдөгү христиан символунун өрттөнүшүн кайгыруу менен укту", – деп жазды Ватикандын маалымат катчысы Алессандро Жизотти.

АКШ президенти Нотр-Дамдагы ири өрткө байланыштуу көңүл айтты:

“Өрттү өчүрүү үчүн учуучу цистерналарды колдонуу керектир. Тезирээк аракет жасоо зарыл!" – деди Дональд Трамп.

​АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Нотр-Дам дүйнөдөгү улуу мурастардын бири экенин, кайгылуу мүнөттөрдү башынан кечирип жаткан Франция эли тууралуу ойлонуп жатканын билдирди.

" Жоготууларды жоктоо, бардык күчүбүздү жумшап, аларды кайра калыбына келтирүү – бул биздин табиятыбыз"– деди ал.

Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсүндө 16-апрелге караган түнү чыккан өрттүн кесепетинен имараттын башкы мунарасы урап түштү.

850 жыл мурда курулган чиркөөнүн чатырын кармап турган жыгач конструкция күйүп кетти.

Кырсыкка эмне себеп болгону тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Ал жакта реконструкция иштери жүрүп жаткан.

Адамдардан эч ким жабыркаган жок.

Чиркөөнү бир жылда миллионго жакын турист барып көрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...