
Өкмөт «тонировканы» мыйзамдаштырууну карап жатат

Кыргыз өкмөтү автоунаалардын айнегин караңгылатууну («тонировка») мыйзамдаштыруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 15-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.
«Бюджетке кошумча каражат түшүрүү үчүн «тонировка» боюнча депутаттардын сунушун эске алуу менен биз өкмөттө маселе көтөрдүк. Бир машинеге жылына 400-500 доллардын тегерегинде деп мыйзам долбоорун карап жатабыз. Мындан кошумча каражат түшөт», - деди Аскаров.
Буга чейин парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Исхак Пирматов «тонировканы» мыйзамдаштырууну сунуш кылышкан. Бекешев жыл башында тиешелүү мыйзам долбоору да даяр экенин билдирген.
Мыйзам боюнча автоунаасынын айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга салынчу айыппулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 3 миң сом болсо, юридикалык тараптар үчүн 13 миң сом.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53