KELECHEK

Казакстан президенттик шайлоо өткөрүүгө 24,5 миллион доллар бөлөт

Казакстан президенттик шайлоо өткөрүүгө 24,5 миллион доллар бөлөт

9-июнда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого Казакстан өкмөтү 9,4 миллиард теңге (24,7 миллион доллар) бөлөт. Токтомдун долбоору Нормативдик укуктук актылар порталында жарыяланды.

Документе ылайык, өкмөттүн резервинен 9 404 771 000 теңге бөлүнөт. Каражаттын 9,3 миллиард теңгеси Борбордук шайлоо комиссиясына, 56,8 миллион теңгеси Ички иштер министрлигине берилет.

Буга чейин Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо үчүн 12 миллиард теңге сураган. Бирок Каржы министрлиги бул каражатты кыскарткан.

БШКнын маалыматына караганда, бул сумманын 70 пайызы шайлоо комиссияларында иштей турган кишилерге айлык акы төлөөгө жумшалат.

9-апрелде Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган.

Казакстанда президенттикте талапкерлерди көрсөтүү 10-апрелде башталды жана 28-апрелде аягына чыгат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрдогандын партиясы Стамбулда кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды

Шайлоо 2019-04-17  22:59

Трамп жаңы президенттик кампания үчүн 41 млн доллар чогултту

Трамп жаңы президенттик кампания үчүн 41 млн доллар чогултту

АКШ президенти Трамптын тарапташтары

АКШ президенти Дональд Трамптын командасы 2020-жылы...

Шайлоо 2019-04-15  17:10

Казакстан БШКсы кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард...

Казакстан БШКсы кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард...

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезексиз президенттик шайлоо...

Шайлоо 2019-04-14  05:07

Израилдеги парламенттик шайлоодо Нетаньяхунун партиясы алдыда...

Израилдеги парламенттик шайлоодо Нетаньяхунун партиясы алдыда...

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху тарапташтары менен

Бюллетендердин 96...

Шайлоо 2019-04-11  19:11

Казакстан: Токаевдин чет өлкөдө иштегени шайлоого кедергисин...

Казакстан: Токаевдин чет өлкөдө иштегени шайлоого кедергисин...

Касым-Жомарт Токаевдин Женевада кызмат...

Шайлоо 2019-04-11  19:26

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт

9-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылуу жасап, быйыл 9-июнда кезексиз...

Шайлоо 2019-04-10  03:43

Дарига Назарбаеванын президенттик шайлоого катышуу планы жок

Дарига Назарбаеванын президенттик шайлоого катышуу планы жок

Казакстан сенатынын спикери Дарига Назарбаеванын быйыл 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого...

Шайлоо 2019-04-10  19:03