KELECHEK

Трамп жаңы президенттик кампания үчүн 41 млн доллар чогултту

Трамп жаңы президенттик кампания үчүн 41 млн доллар чогултту

АКШ президенти Трамптын тарапташтары

АКШ президенти Дональд Трамптын командасы 2020-жылы өтө турган жаңы шайлоо кампаниясы үчүн үч ай ичинде 30 миллион доллар чогултту. Бул Демократиялык партиянын алдынкы эки талапкери топтогон каражаттан дагы көп.

Былтыр которулган акчаларды эсепке алганда жалпы сумма 41 миллион долларга жетти, бул – шайлоо кампаниясынын алгачкы баскычы үчүн өтө эле көп каражат.

Демократтардын лидерлери Берни Сандерс менен Элизабет Уоррен 39 миллион доллар топтошту.

​Дональд Трамп шайлоого даярдык көрүү компаниясын расмий түрдө инаугурациясы бүткөндөн бир нече саат өткөндөн кийин эле жарыялаган. Американын мурдагы президенттеринин бири дагы шайлоо өнөктүгүн мынчалык эрте баштаган эмес. Маселен, Барак Обама шайлоого бир жарым жыл калганда камылга көрүп баштаган. Ал учурда – 2011-жылы апрелде анын штабында болгону 2 миллиондон ашык доллар болгон.

Трамптын командасы шайлоо кампаниясына бир миллиард доллар жумшоону пландоодо. Обама 2012-жылы 720 миллион доллар чогулткан.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

БШК: Парламенттик шайлоону 2020-жылдын октябрында өткөрүү пландалууда

БШК: Парламенттик шайлоону 2020-жылдын октябрында өткөрүү пландалууда

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул...

Шайлоо 2019-10-17  13:10

Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өттү

Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өттү

Орусия тараптан аннексияланган Севастополдогу шайлоо тилкеси

Жекшембиде Орусиянын бир катар...

Шайлоо 2019-09-09  14:21

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча...

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча...

Казакстанда жарандык активисттерден турган топ...

Шайлоо 2019-08-23  04:34

Назарбаев шайлоолор өз убагында өтөрүн айтты

Назарбаев шайлоолор өз убагында өтөрүн айтты

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев азыркы бийликке каршы чыккандарды...

Шайлоо 2019-08-21  19:25

Казакстанда Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Казакстанда Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Казакстандагы “Коомдук пикир” инситуту...

Шайлоо 2019-06-10  15:18

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт

Украинада кезексиз парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленди. Бул тууралуу...

Шайлоо 2019-05-22  18:18