KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси Флориан Херманн менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси Флориан Херманн менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушту.

Флориан Херманн Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Германиянын Канцлери жана Президенти менен жолугушуунун алдында анын Баварияга келгенине кубанганын жана бул достук кадам экенин белгиледи.

«Бул биздин достук мамилелер үчүн жакшы жышаана. Бүгүн сиздерди абдан кызыктуу жолугушуулар күтөт жана алардын бири — Мюнхендин илимий-изилдөө борбору да болуп эсептелген айыл чарба ишканасына баруу», — деди Флориан Херманн.

Ал Германиянын Кыргызстандагы элчиси жыл сайын ага КЫРГЫЗСТАНДАН абдан кызыктуу жана кооз сүрөттөрдү жиберип тураарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануусун билдирди. Эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүү жөнүндө айта келип, айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Германия экономикасынын кезектеги Үчүнчү Күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды. Ал германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырып, бүгүн бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча ишкер чөйрөлөрдүн өз ара алакаларын кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюларын кошумчалады.

Ал Кыргызстан менен Конрад Эденауэр жана Фридрих Эберт атындагы фонддор жана Ханс Зайдель атындагы Фонддун ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты белгиледи. Ханс Зайдель атындагы Фонд Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу чөйрөлөрүндө карларды даярдоо маселелери боюнча долбоорду ишке ашырып жатканын, 2002-жылдан тартып, Фонд аркылуу Кыргызстанда 2 миңден ашык стипендианттар билим алышканын айтты.

Мамлекет башчысы демократиялуу жана укуктук мамлекет катары алга карай ишенимдүү кадам менен баратканын баса белгиледи. Өз өлкөсүндө жүрүп жаткан кайра өзгөртүүлөр, реформалар, 2020-жылы боло турган кезектеги парламенттик шайлоолор жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор жөнүндө кыскача айтып берди.

Ал бүгүн Евробиримдик менен кызматташуунун жаңы стратегиясы даярдалып жатканын, ага 2019-жылдын июль айында ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерико Могерини менен бирге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле саясий байланыштарды активдештирүү, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ВСП+ алкагында Кыргызстанга көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.  Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө, кооперативдерди жана туризмди өнүктүрүүгө, ЕБ алкагында кызматташууга, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөдө жашыл технологияларды өнүктүрүү боюнча Биргелешкен фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого өзгөчө көңүл бурулду.

Маектешүүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси Флориан Херманнды жана Бавария жетекчилигин Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12