KELECHEK
rek

Тажикстанда интернет кымбаттады

Тажикстанда интернет кымбаттады

Тажикстанда Монополияга каршы кызматтын мобилдик Интернет менен NGN аркылуу телефондук сүйлөшүүлөрдүн тарифин көтөрүү жөнүндө буйругу күчүнө кирди.

Тажик өкмөтү мобилдик операторлорго кайрылып, 4-апрелден баштап буйрукту аткарууну тапшырды. Мындан ары Интернеттин 1 Мб – 5 дирамдан кем болбойт. Эгер буга чейин тажик операторлорунун 1 гигабайт интернети болжол менен 30-35 сомони (3-3,6 доллар) турса, эми 51 сомониге (5,3 доллар), кошумча нарк салыгын эсептегенде 63 сомониге (6,7 доллар) чейин кымбаттады Мындан тышкары NGN аркылуу сүйлөшүүлөрдүн баасы 10 эсеге — 10-12 дирамдан (0,01 доллар) 1,2 сомониге (0,12 доллар) чейин жогорулады.

Буйрук 27-марттан баштап күчүнө кириши керек болчу. Бирок монополия каршы кызмат менен мобилдик операторлордун сүйлөшүүлөрүнөн улам мөөнөт бираз узарган.

Мобилдик компаниялар кур дегенде Интернет тарифтерин төмөндөтүүгө аракет жасашкан. Бирок өкмөттүн чечимин өзөртүүгө мүмкүн болгон эмес.

Түрдүү маалыматтар боюнча Тажикстанда калктын 15 пайыздан 40 пайызга чейинки бөлүгү интернет колдонот. Тажик Байланыш кызматы бүгүнкү күндө өлкөдө үч миллионго жакын интернет колдонуучу бар экенин билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...