KELECHEK

Ашхабадда катуу сел жүрдү

Ашхабадда катуу сел жүрдү

13-апрелде нөшөрлөп жааган жаан селге айланып, Ашхабад шаарын кайрадан сел каптады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы ташкын Юбилей көчөсүн толугу менен каптап, автоунааларды агызганын билдирди. Шаарда Интернет байланышы начарлады. Азырынча буга сел себеп болгону же бийлик атайын чектеп жатканы белгисиз.

"Turkmen.news" соцтармактардагы баракчасына сел каптаган шаардан тасмаларды жайгаштырды. Алардын биринен суу каптаган жолду кесип өтүүгө аракет кылган эки келинди сел агызып баратканын, аларга башка бир эркек адам жардам берип, алып чыкканын көрүүгө болот.

Мир-4 кичи районунда сел соода борборлорунун жана турак жайлардын жер төлөлөрүн каптаган.

Шаардын түштүк бөлүгү суу алдында калды.

Селден Ашхабаддан 140 чакырым аралыкта жайгашкан Каахкин району катуу жабыркаганы кабарланууда. Ташкын Ашхабад менен байланыштырган негизги жолду жаап салган.

Мындай сел Ашхабадда жыл сайын жаз мезгилинде болуп турат. Былтыр май айында да шаардын дээрлик бардык аймагын суу каптаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өлкөдө паспорт тендери боюнча үч аткаминер кармалды

Өлкөдө паспорт тендери боюнча үч аткаминер кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып...

Түркмөнстандын ири шаарларын суу каптады

Түркмөнстандын ири шаарларын суу каптады

Акыркы жумада тынымсыз нөшөрлөп жааган...

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт өчүрүлдү

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт өчүрүлдү

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү тогуз саатка созулган...

Акыркы чейрек кылымда дагы бир өзбекстандык

Акыркы чейрек кылымда дагы бир өзбекстандык "мыйзамдагы ууру" наамын...

12-апрелде Стамбул шаарынын Фатих районунда өткөн кылмыштуу...

Велотуристтерге кол салууну уюштурган кишинин аялы Ирак түрмөсүндө...

Велотуристтерге кол салууну уюштурган кишинин аялы Ирак түрмөсүндө...

Кори Носир

Тажикстандын атайын кызматтары Душанбе-Дангара трассасында чет...