KELECHEK

Президент Жээнбеков Германияга иш сапар менен барды

Президент Жээнбеков Германияга иш сапар менен барды

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарына караганда, мамлекет башчы 15-апрелде Мюнхен шаарында Бавариянын канцлери жана мамлекеттик министри менен жолугат.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Бавариянын премьер-министри Хуберт Айвангер менен да жолугуп, Зайдел атындагы фонддо сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү кыргыз-немис бизнес форумуна катышып, «Pellmeyer» деп аталган агрардык ишкананын иши менен таанышат. Ал күнү президент Жээнбеков Германиядагы кыргызстандыктар менен да жолугушат.

16-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушат. Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель биргелешкен маалымат жыйын курушат.

Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде дипломаттык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, туризм, каржы тармактарында жана соода-экономикалык кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

2017-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода алмашуу 79 миллион долларды түзгөн.

2017-жылы күзүндө кыргыз-немис өкмөттөрү чогуу Ош шаарына заманбап төрөт үйүн - перинаталдык борбор куруу боюнча долбоор баштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги...

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот...

CАЯСАТ 2019-08-23  05:14

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик кызматка жеке байлык...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик кызматка жеке байлык...

«Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт», — деп баса белгиледи Кыргыз...

CАЯСАТ 2019-08-22  20:12

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына...

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына...

«Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — маморгандар менен бизнестин...

CАЯСАТ 2019-08-16  02:40

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук...

Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында...

CАЯСАТ 2019-08-08  10:06

Президент: Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду

Президент: Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду

Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 8-августта Коопсуздук...

CАЯСАТ 2019-08-08  12:17

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотту

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотту

Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн мөөнөтүнөн мурда токтотуп,...

CАЯСАТ 2019-08-07  23:47

Кыргызстанда 2020-жылды Орусия жылы деп жарыялоо пландалып жатат

CАЯСАТ 2019-08-05  20:11