KELECHEK

Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши берген арыздарына ылайык Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин жана Матраимов Назымбек Турдалиевичтин өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Мамлекет башчысы бул сунуштарды карап чыгып, Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин, Матраимов Назымбек Турдалиевичтин жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн...

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн...

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган...

КООМ 2019-06-14  11:42

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи...

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын...

КООМ 2019-06-13  17:55

Ташкенттин символу эсептелген оргума бузулду

Ташкенттин символу эсептелген оргума бузулду

10-июнда Ташкенттин эң белгилүү символдорунун бири эсептелген...

КООМ 2019-06-12  18:41

Казакстанда аткезчилик үчүн кармалган кыргыз жарандарынын...

Казакстанда аткезчилик үчүн кармалган кыргыз жарандарынын...

Алматыдагы сот. 2-ноябрь, 2018-жыл

Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку...

КООМ 2019-06-11  09:56

Өкмөт башчы Туйгунаалы Абдраимовду кызматынан бошотту

Өкмөт башчы Туйгунаалы Абдраимовду кызматынан бошотту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым...

КООМ 2019-06-11  10:04

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону...

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-июнда, телефон аркылуу UFC версиясы боюнча...

КООМ 2019-06-10  14:36

Президенттик шайлоо күнү Казакстанда 500дөй киши кармалды

Президенттик шайлоо күнү Казакстанда 500дөй киши кармалды

Шайлоо күнү Алматы жана Нур-Султанда 500дөй киши...

КООМ 2019-06-10  15:26