KELECHEK
rek

“Республика” Бишкекте тынчтык митингин өткөрүү боюнча мэрияга кат жөнөттү

“Республика” Бишкекте тынчтык митингин өткөрүү боюнча мэрияга кат жөнөттү

“Республика” партиясы 13-апрелде саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча Бишкек мэриясина кат жөнөттү.

Буга байланыштуу арыздын сүрөтү Интернетке жарыяланды. Анда тынчтык митинги эски аянтта өтө турганы, ага болжол менен 10 миңдей киши катышары белгиленген. Муну менен катар коомдук коопсуздукту сактап берүү өтүнүчү да айтылган.

Буга чейин аталган партиянын мурдагы лидери, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо утулуп, кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга жакын арада келе турганын жарыялаган. Ал 13-апрелде Бишкекке учканга билет сатып алганын да "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде болсо, экинчиси "бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13